Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Кабулда кайра кагылыш чыкты


Бул жерде лойа жырга – элдик курултай башталып, анын ачылышында президент Хамид Карзай сөз сүйлөп жаткан маалда козголоңчулар кол салышты. Коопсуздук күчтөрү жапырыктын мизин майтарды, бир нече лашкерди, алардын ичинде бир жанкечтини курултай үчүн салынган чатырга жакын жерде атып салышты. Карзай "Талибан" кыймылынын тарапкерлерин лойа жыргага кошулганга чакырды. "Мен силерге кайрадан кайрылам, кымбаттуу менин боордошторум-талиптер, бул жер –силердин мекен эмеспи, бизге кошулгула. Эгер менин жасаганым туура эмес болсо, мен макул болом. Эгер силердин ишиңер натуура болсо, анда силерге бул балааматты токтотууга туура келет",-деп айтты Карзай.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG