Аны жакындагы шайлоодо парламенттен 118 орун утуп алган оңчул-орточул маанайдагы үч партия түзөт. Шайлоодо биринчи орунга чыккан социал-демократтар оппозицияда калат. Өкмөт кураганга алардын мандаты жетпейт. Кабинеттин курамы азырынча талкуулана элек, бирок премьерликке жарандык демократиялык партиянын лидери Петр Нечас көрсөтүлгөнү жатат.