Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Р. Отунбаева Германиянын Бундестагынын өкүлү менен жолугушту


Өткөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Германия Федеративдик Республикасынын Бундестагынын Борбордук Азия тобунун төрагасынын орун басары Манфред Грунд менен жолугушуп, социалдык-экономикалык жана билим-гуманитардык тармак боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады. Манфред Грунд Кыргызстан аймакта демократиялык багыт алууга зор максат койгонун белгилеп, Кыргызстандагы абал 1989-жылдагы Германиядагы кырдаалды эске саларын белгиледи.

Ушул эле күнү Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев дагы Манфред Грунд менен жолугушуп, Конституциялык реформа, алдыдагы жалпы элдик референдум, парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берип, Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алганын белгиледи.

Германия Федеративдик Республикасынын Бундестагынын Борбордук Азия тобунун төрагасынын орун басары Манфред Грунд Германия өкмөтү Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө жана жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG