Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Кенелерден сак болгула!


Күн ысыган сайын сейил бактарда, шаардын чет жакаларындагы бактуу, дарактуу жайларда кенелердин саны көбөйүп, эс алууга чыккан шаар тургундарынын арасында денесин кенеге чактырып алгандар көбөйүп жатат.

Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматтарына ылайык, акыркы беш айда бул борборго 204 адам кенеге денесин чактырып алып, жардам сурап кайрылышкан. Алардын бирөөндө энцефалит оорусу табылган.

Ала-Арча капчыгайы жаз келип, күн жылуу тарта баштагандан бери эс алуучулардын саны үзүлбөгөн жер. Так ушул жерде мындан бир жарым ай мурда эки жарым жаштагы Анастасия Леонованы энцефалит оорусун чакыруучу кене чагып алган. Анастасиянын апасы Инна Леонова кызын убагында ооруканага жеткиргенге жетишкен:

Адистер бактуу жерлерде баш кийим менен жүрүү керектигин эскертишет.

- Биз Ала-Арча капчыгайына байчечекей чогултуу үчүн барганбыз. Кыздарым баш кийим кийип, жакшы эле коргонгонбуз. Бирок үч күндөн кийин кызымдын башынан кене таптым. Көрсө ал энцефалит кенеси экен. Кызымдын денесинин температурасы кырктан ашкандыктан дароо инфекциялык ооруканага бардык. Бирок ал күнү энцефалит кенесинин таасири 5-10 күн арасында гана билинет деп кабыл албай коюшту. Экинчи күнү гана кененин энцефалит кенеси экендиги билингенде ооруканага кайра келип, бир жума жатып чыктык.


Инна Леонова бул окуядан кийин кенелер көп болчу март, апрель, июнь айларында таптакыр эле сейил бак, бакчаларга эс алууга чыкпоону чечкенин айтат.

Бишкектеги санитардык эпидемиологиялык станциянын мите курттар бөлүмүнүн башчысы Жыпара Ашакеева акыркы учурда шаардын четинде эле эмес, шаар ичинде да кенеден жабыркагандар болуп жатканын айтат:

-Беш айдын ичинде 204 адам кене чагып алгандан кийин бизге кайрылган. Анын ичинен 32 адамды вируска каршы иммуноглобулин алганга жибердик. Ушул адамдардын көбүнчөсү Ала-Арча, Кегетиде эс алгандар. Алплагерь, Ысык-Ата району бар эмеспи, ошол жакта эс алып келгендер. Бирок кийинки кездерде шаардын ичинде кене чагып алып кайрылган адамдар да көп болуп жатат. Себеби кийинки кездерде дезинфекциялоо жасалбай келет.

Адистер белгилегендей, кененин оору козгой турган жана козгобой турган түрлөрү болот. Кенелердин ичинен адамдын баш мээсинин сезгенишине алып келген энцефалит оорусун жугуузучу кенелер коркунучтуу болуп саналат. Энцефалит оорусу баштын катуу оорушу, дененин температурасынын көтөрүлүшү, куску келүү жана булчуңдардын оорушу менен коштолот.

Республикалык инфекциялык ооруканын кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Азимбаева Халиданын айтымына караганда, кененин кайсы түрү болбосун, адамды чагып ала турган болсо ошол замат догдурларга кайрылуу керек:

- Доктурлара кайрылбай кенени алып жүрө берген болсо, эгерде ошол кене вирусу бар кене болсо, он, он беш, жыйырма күндүн ичинде ооруп калышы мүмкүн. Адам убагында текшерүүдөн өтпөсө шал оорусун да алып келет. Ошондуктан мен айтаар элем, эгер кене чагып алса сөзсүз түрдө догдурларга кайрылуу керек.

Эгер дененин кайсы бир бөлүгүндө кене табыла турган болсо аны ошол замат чыгарып салбай, кененин үстүнө май тамчылатып коюп, жарым сааттай жибитип туруп эч нерсесин калтырбай кенени кыпчыгыч менен сууруп алуу керек. Анан кенени таштап же таптап салбай, ооруканага алып келип текшерүүдөн өткөрүү абзел.

Кегети, Ала-Арча капчыгайлары кенелер көп кездешкен жерлер болуп саналат.
Ошол эле учурда, көпчүлүк жаштар эс алуу учурунда бул нерсеге көңүл бурбай жатышканын Бишкек тургуну, студент Азамат айтат:

-Биз достор, курбу курдаштар менен тоого чыкканда кандайдыр бир кенеден оору жугат деген кооптонуу болот. Бирок ал жерге барганда бардыгы жакшы маанайда эс алып, көбү кене жөнүндө унутуп калышат.

Санитардык эпидемиологиялык станциянын адистери эс алууга чыкканда эс алуучуларды этият болууга чакырышат. Өзгөчө бактуу жерлерде эс алгандар баш кийим ала жүрүп, жеңи узун кийимдерди кийиши керектигин белгилешет.




Кенелерден сак болгула!
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00
XS
SM
MD
LG