Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Израил палестинчилдерди мекенине жөнөтүүдө


"Эркиндик флотилиясында" кармалган палестинчилердин бири Бииршеба түрмөсүнөн бошотулуп, автобуста баратканда колундагы жазуусун көрсөтүүдө.2-июнь 2010
"Эркиндик флотилиясында" кармалган палестинчилердин бири Бииршеба түрмөсүнөн бошотулуп, автобуста баратканда колундагы жазуусун көрсөтүүдө.2-июнь 2010

Израил бийликтери палестинчил “Эркиндик флотилиясынын” 630га жакын мүчөсүн мекенине жөнөтүүнү бейшемби күнү аяктайт. Алар 35 өлкөнүн өкүлдөрү.

Палестинчилдердин биринчи тобу - негизинен мусулман өлкөлөрүнөн келген 120 адам Ата Журтуна кетүүсү үчүн шейшемби күнү Иорданияга жеткирилген. Алар дүйшөмбү күнү камоодогу Газа тилкесине бир нече кеме менен гуманитардык жардам алып баратканда израилдик аскерлер тарабынан кармалган.

Кабарларга караганда, “Эркиндик флотилиясы” Газага 10 тоннага жакын гумжардам жана курулуш материалдарын алып бараткан.



Израил-Газа чек арасына жакын тилкеде черүүгө камданып жаткан жөөт аскерлери. 1-июнь 2010

Гумкербендин 50 мүчөсү тергөө бүткөнчө кармалат

“Эркиндик флотилиясы” деп аталган алты кемеден турган кербенди 31-майга караган түнү израилдик күчтөр өлкө сууларына өткөрбөй кармамак болгондо чыккан айкашта тогуз адам, анын ичинде түркиялык төрт жаран окко учкан. Кагылышта жарадар болгон отуздай адам ушу тапта ооруканада жатат.

Израил өкмөтү билдиргендей, 50дөй адам “Мави Мармар” кемесиндеги израилдик командос менен болгон кагылышууну тергөө бүткөнчө бошотулбайт.

Газага гумжардам алып бараткан кемелер Түркиядан чыккандыктанбы, айтор кербендеги 700дөй палестинчилдердин 400дөн ашууну Түркиянын жарандары экен.

Иордания аркылуу Ата журтуна жөнөтүлгөн кувейттик Абдул Рахман Файлакавинин Ройтерс агенттигине айтышынча, израилдик аскерлер гуманитардык жүк тарткан кемелердеги адамдарды эч аяшкан эмес:

- Чабуул айоосуз болду. Алар куралды мыйзамдуу да, мыйзамсыз да колдонду окшойт. Алар желим окторду, чыныгы окторду, барсылдак бомбаларды, көздөн жаш агызчу бомбаларды колдонушту. Алар кемени басып алуу үчүн адамдарга каршы желим таяктарды пайдаланышты.

Израилдин ырасташынча, жөөт командастору темир-тезек жана бычак менен куралданган активисттердин чабуулунан коргонуу үчүн мажбур ок атышкан.


IHH "ал-Каиданын" кол баласыбы?

Газага гумжардам алып баратып, колго түшкөн палестинчилердин бири Иорданияга келген автобустан чыгууда. 2-июнь 2010


“Эркиндик флотилиясы” менен болгон чатакка эл аралык коомчулук тез реакция жасады. Түркия Изарилди “кансоргучтай” аракеттенди деп жектеди жана Тель-Авивден элчисин чакырып алды. Ошондой эле шериктешип өткөрүлчү аскерий машыгууну токтотуп койду.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 1-июндагы жыйынында Газага гумжардам тарткан деңиз кербенин басып алууну сындап, палестинчилерди тез бошотууга, окуяны калыс иликтөөгө чакырды. “Коопсуздук Кеңеши БУУнун башкатчысынын окуяны эл аралык стандартка ылайык

Демонстранттар Ливандагы БУУнун кеңсесинин жанында Израилдин канга бойолгон туусун көтөрүп баратышат. Бейрут. 1-июнь 2010

тез, калыс, адилет жана ачык илитөө жөнүндөгү кайрылуусун эске алат", - деп окуду кайрылууну Коопсуздук Кеңешинин учурдагы төрагасы- Мексиканын элчиси Клауиде Геллер.

НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен да Израилге кайрылып, Газага гумжардам тарткан кемелер менен кошо кармалган адамдарды бошотууну сураган эле.

Ыстамбулдагы булактардын маалымдашынча, Газага деңиз кербенин Түркиянын IHH деген ислам соопкерчилик уюму уюштурган жана ал үчүн эски кемени сатып алган. IHHнын “ал-Каида менен байланышта болгонун жана Газаны бийлеген ХАМАС уюмун колдогонун “Нью-Йорк Таймс” гезити Израил бийликтерине шилтеп жазды. IHH палестин радикалдарына курал топтогон деп да шектелет. Бул маалыматты соопкерчилик уюму “куру доомат” деп четке какты.

АКШ кырдаалды дипломаттык жол менен жөнгөрүүгө кызыкдар экенине Мамкатчы Хиллари Клинтон Вашингтондо жасаган билдирүүсүндө ачык ишаара кылды:

- Түркия жана Израил экөө тең Кошмо Штаттардын жакшы достору. Биз трагедиялуу окуядан соңку жагдайды жөндөө үчүн эки өлкө менен иштешүүдөбүз.

Үч жыл мурда Газадагы бийликти ХАМАС тобу басып алгандан бери аймак Израилдин камоосунда. Израил бийликтеринин айтышынча, тилкеге жума сайын 15 миң тонна гумжардам өтүп турат. Бул БУУнун эсебинче, Газадагы палестиндердин керектөөсүн төрттөн бирге да жаппайт.

“Эркиндик флотилиясы” Газага 10 тоннага жакын гумжардам жана курулуш материалдарын алып бараткан.

XS
SM
MD
LG