Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Аятолла Хаменеи оппозициянын 81 тарапкерин кечирди


Ирандын жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи оппозициянын 81 колдоочусун кечирди. Алар былтыркы президенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акцияларына катышкандыгы үчүн күнөөлөнгөн. Хаменеинин веб сайтында айтылгандай, алар Мухаммед Пайгамбардын кызынынын туулган күнүнө карата кечирилип жатат. Маалыматта, арийне алардын ысымдары айтылган эмес. 2009-жылы президент Махмуд Ахмадинежаддын кайра шайланышы ири антиөкмөттүк демонстрацияларга алып келген. Оппозиция шайлоо Ахмадинежаддын пайдасына бурмаланган деп ырастоодо. Бийлик демонстрацияларды басууга аракеттенип, кеминде 80 киши каза болгон, 100гө чукул адам камакка алынган. Оппозиция жана укук укоргоочулар жүздөгөн адам түрмөлөрдө кала берүүдө деп ырасташат.

XS
SM
MD
LG