Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Черчиллдин жеке буюмдары дээрлик 845 миң долларга сатылды


Лондондогу аукциондо кечээ Британиянын Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы премьер-министри сэр Уинстон Черчиллге таандык жеке бумюдар 844 миң 700 долларга сатылды. Буюмдардын арасында анын күндөлүктөрү, каттары, сигаралары бар. Черчиллдин Адолф Гитлер менен кандайдыр бир келишимге баруу мүмкүнчүлүгүн четке каккан каты өзгөчө кызыгууну жаратууда. 1939-45-жылдар аралыгында жазылган күндөлүктөрүндө АКШ президенти Франклин Рузвелт, Советтик лидер Иосиф Сталин жана Британ падышасы Георг Алтынчы менен жолугушуулары жөнүндө баяндалат. Коллекиця америкалык миллиардер жана “Форбс” басма үйүнүн ээси Стив Форбс тарабынан чогултулган.

XS
SM
MD
LG