Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Жөөлөш оңой, жөлөш кыйын


Гезиттер эмне дешти?

“Учур” гезити бир кездеги абройлуу басылмалардын бири болгон “Лица” гезитинин башкы редактору, азыр Америкада жашап жаткан Бермет Букашева менен маек курду. Бермет айым Америка ага башпаанек бербей койгонун, анткени эжеси Замира Сыдыкова АКШда элчи экенин бетке кармашканын, эжеси менен саясый көз карашы эки башка экенине карабаган америка бийлигине таң калганын сөз кылган.

Бермет айым бул күндө АКШдагы эң эле популярдуу “В новом свете”, “Комсомольская правда в Америке” деген орус тилдүү гезиттерде иштеп жатканын, бирок калем акылары өтө эле аз болорун кепке алган.

Анын чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө Бакиев режиминин журналисттерге жасаган жортуулу, атап айтканда журналист Сыргак Абдылдаевди бычактап өлтүрүүгө жасалган аракет, ал сабалгандан 10 күндөн кийин Садыркуловдун өлтүрүлүшү, андан кийинки Павлюктун өлүмү себеп болгону айтылат.

Бермет Букашева сөзүнүн аягында кыргызча гезит сайттарынан окуп алып катуу таң калып атканын, ким каалаганы эле Убактылуу өкмөттү катуу сындап атканын, жаңы бийлик жаманбы, жакшыбы - бийликке олтурууга моралдык укугу бар экенин, анткени бийлик башындагылардын баары кечээ эле төбө чачты тик тургузган өтө коркунучтуу режимге каршы баштарын канжыгага байлап коюп күрөшкөндүгүн, алар ал тургай ал учурда балдары, жубайлары менен коштошуп коюшканын, жандарын кылга байлап, бычактын мизи менен басып олтуруп ушул күнгө жеткенин белгилеген. Өзгөчө Убактылуу бийлик бийлик башына таза, кадырлуу, принципиалдуу инсан Роза Отунбаеваны коюп алышканы накта акылмандык болгонун, ошондуктан мамлекет үчүн, кечээ эле азап тартканын бүгүн унута баштаган эл үчүн жаңы бийликти колдоп, жардам берүү керектигин кошумчалаган.

“Пресс kg”
гезити коргоо министри Исмаил Исаковдун түштүктө абал турукташкандыгы тууралуу курган маегин “Азаттыктан” толугу менен көчүрүп жарыялаган. Гезитте ошондой эле Ысык-Көлдү Бакиев жана анын уулу Максим кантип соолутмак болгону, Максимдин кыргыздын ашын ичип, кадырына чычып баса бергени тууралуу кабарлар бар.

“Ар-намыс” партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев маегинде бийлик, Башмыйзам жана кадр тууралуу сөз кылган.

Мындан тышкары К. Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин дайыны чыга баштаганын, анын Балтика өлкөлөрүнүн биринде жүргөндүгү жөнүндө маалыматты чет өлкөлүк кээ бир маалымат каражаттары жазып жибергенин билдирген.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын Ысык-Көлдөгү Ак-Суу району боюнча бөлүмүнүн координатору Мелис Кожомбердиев кабарлаганын, аталган партиянын мүчөлөрү партбилеттерин өрттөп, райондук бөлүмдүн ишин токтотуу чечимин кабыл алганын, ошентип 14 баштапкы уюм аркылуу 247 адамдын башын бириктирген партиянын райкому жоюлганы тууралуу маалыматты таратты

“Айат пресс” гезити “Бүгүн “кербендин” алдында кимдер баратат?” аттуу макала басып, анда Кыргызстандын парламенттик республика болууга жасап аткан кадамын, референдумга коюлган Башмыйзам жана шайлоо алдындагы саясый партиялар туурасында баяндады.

Маадабай Эшкожо деп аталган автор макаласын “Убактылуу өкмөт кризистен жол издеп жатат “деп атап, коңшу мамлекеттер биздин өлкөнү чоң сыноого кириптер кылганын, дыйкандар бир топ кирешеден кол жууп калганын, кыйынчылыктар көп экенин, бирок быйыл Кыргызстанда суу мол болгонун, демек кышы-жазы электр энергиясы кенен болорун кеп кылды.

Жаңы санга жеңил өнөр жай ишканалар бирикмесинин жетекчиси Сапарбек Асанов “Россиянын жарандары биз чыгарган продукцияны сатып оокат кылышууда” деп интервью берди. Анын айтымында Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, сүйрөп кете турган локомотив – жеңил өнөр жай тармагы. Кездеме чыгаруу жанан анын сапаты боюнча Түркия дүйнөдө биринчи орунда турат. Ошондуктан кыргыз өнөр жайчылары ушул өлкөнүн ири ишканалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Сапарбек Асанов, Убактылуу бийлик жаңы кырдаалга байланыштуу жөлөк-таяк болсо жеңил өнөр жайчылардын иши өргө кетерине токтолгон.

“Жаңырык апта” гезити журналист Алым Токтомушевдин “Бирдеме” деп аталган макаласынын уландысын жарыялады. Автор бийлик жолоюн талдоого алып жатып: “Мен чын дилимден сыйлаган генералдар Мирослав Ниязов, Өмүрбек Субаналиев, Феликс Кулов утурумдук бийликке “акыл” үйрөтүмүш этип же алардын саясатына каршы кандайдыр бир чөйрөнү үндөп, көкүтүп, “сырткы бийлик” жардамын каңкуулай баштагандай. Маселен генерал Ниязов аккан досу Адахан Мадумаровдун Бакиев колтугунда коңурсуган идеясын улап, Кыргызстанга Сталинди тирилтип келгиси бар. Генрал Субаналиев андан да ашып түшүп, “Айат пресс” гезитиндеги маегинде: “кечээги митингдерди уюштурган саясатчылар бүгүн милицияны жетектеп жатат” деп чыкты. Анысынан “мени эмне үчүн министр кылбайсыңар?” деп ичкүптү болуп жатканын байкаса болот” деп жазды.

Автор андан ары бийликтен көчү тайыган Алманбет Матубраимов менен Дастан Сарыгулов уруучулук саясатты удургутуу ордуна, генерал Ниязов Кыргызстан деген демократия эмес “охлократияга” айланып баратат деп калктын кандайдыр бир бөлүгүн козуткандан көрө Утурумдук өкмөткө жардам беришсе жакшы болбойт беле деди. Ошондой эле ал элди бүгүн “акаевчылар”, “аппаратчылар”, “бакиевчилер”, “оппозициячылар”, “оппозиция эместер” деп бөлүү өтө кооптуу жагдай. Бизге бүгүн “ак” же “кызыл” эмес, уруу же урук эмес, улут болуп уюш эң башкы маселе” деп жыйынтыктады.
XS
SM
MD
LG