Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Израиль палестиначыл активисттердин бардыгын бошотту


Израиль Газа тиликесине гуманитардык жүк алып бараткан кемелерде кармалган активисттерди депортациялоону аяктаганын билдирди. Израилдик рейд учурунда набыт кеткен 9 кишинин сөөктөрү да Түркия менен Грецияга багыт алган учактарга жүктөлгөн. Курман болгондордун төртөө түрк жарандары экени такталган. Бул тапта Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Израилди Газанын камоолун дароо алып салууга үндөдү. Анын алдында жөөт өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху аскерлердин 31-май күнкү чабуулун актаган билдирүү жасаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG