Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Австриядагы абстракционист-кыргыз Асатилла Тешебаев


"Чырмалышкан сезимдер", А. Тешебаев, Австрия. 2010
"Чырмалышкан сезимдер", А. Тешебаев, Австрия. 2010

Грац шаарында сүрөтчүлөр союзунун 85 жылдыгына арналган көргөзмө өттү. Ага Австрияда жашаган кыргыз сүрөтчүсү Асатилла Тешебаев да катышты.

Грац Австриянын экинчи чоң шаары. 31-майда Грацтын атактуу “Сүрөтчүлөр үйүндө” (Kustlerhaus) аяктаган бир айлык сүрөт көргөзмөсү шаардык сүрөтчүлөр союзунун түптөлгөнүнүн 85 жылдыгына арналды. Юбилейлик көргөзмөгө Асатилла Тешебаевдин авгангардисттик ыкмада тартылган “Идеянын жаралышы”, “Сүйүү” жана “Чырмалышкан сезимдер” деп тартылган үч эмегеги коюлду. Бул көргөзмө Тешебаев буга дейре катышкан көргөзмөлөрдөн эмнеси менен айрымаланат? Ал жөнүндө кылкалем ээси мындай дейт:

"Идеянын жаралышы", А. Тешебаев. Австрия. 2010


- Грац шаардык сүрөтчүлөр союзунун 85 жылдыгына багышталган көргөзмөнүн тематикасы чексиз кенен болду. Ким кандай ойдо болбосун, кандай чыгармачылык жолду карманбасын же көркөм түшүнүгүнүн жана ойду полотно бетинде чагылдыруу өзгөчөлүгүнө карабай, бул көргөзмөгө катыша алды. Ага авторлор каалаган эки же үч эмгенин сунуш кылышты.

Асатилла Тешебаев Бишкектеги Семен Чуйков атындагы сүрөт окуу жайын, андан кийин Москвадагы атактуу Бүткүл союздук киномотография институту - ВГИКти аяктаган. Андан соң "Кыргызфильмде" жана "Мосфильмде" иштейт. Кыргыздын улуу акыны Токтогул Сатылганов жөнүндөгү көркөм тасманын художниги болгон. 1990-жылдардын башында кыргыз сүрөтчүлөрүнөн биринчилерден болуп Батыш Европага чыгып кетип, түрдүү шаарларда сүрөтчүлүк кылган. Соңку 10 жылда Австрияда жашайт.

Ал чыгармачылыгын алгачкы жылдарындагы эмгектеринде ВГИКте алган кесиптик даярдыгына жараша сүрөттөрүндө кыргыздардын улуттук кийимдеринин деталдарын этнографиялык кылдаттык менен тартчу. Акыркы 15-жылда өзү айткандай "советтик реализм мектебин" чанып, Батыштын абстракционизм мектебине ооп кеткен. Анын жүйөөсү Тешебаевдин айтышынча, кардарлардын талабы жана табити болгон:

- Европада үстөмдүк кылган тема - бул абстракционизм. Бул жакта биз совет доорунда окуган реалисттик мектеп жок. Менин абстрационизмге өтүп кеткен себебим мындай. Австрияга алгач келгенде жергиликтүү сүрөтчүлөр:"Реалисттик стилде тарткан сүрөттөрүң бул жерде өтпөйт”, - деп мага түшүндүрүштү. Ошондуктан, авангардисттик агымга өттүм.

"Сүйүү", А. Тешебаев. Австрия. 2010

А. Тешебаевдин соңку үч эмгеги аталышы айтып тургандай эле ойдун пайда болушун, уйгу-туйгу сезимдерди, ашыктардын махабатын бойоктордун күчүн Пикассонун кубиктерине окшогон формалардын жардамы менен жүрөккө жеткирет. Ал “Сүйүү” деген эмгегин мындай түшүндүрдү:

- Бойоктордун кыймыл-аракети, сезимдердин айкалышы аркылуу кыз-жигиттин ортосундагы сүйүүнү же “менден сага, сенден мага өтүп жатты жылуулук” дегендей балсезим абалды, ошол сүйүү отуна батып, кан ойноп турган учурдагы сезимдердин бири бирине өтүп, андан ары алардын тегерегине жайылып жатканын көрсөттүм.

Өнөрпоз австриялык дүйнөгө таанымал сүрөткерлер, экспрессионизмдин өкүлү Эгон Шиленин(1890-1918), Австриядагы модернизмдин түптөөчүсү Густав Климттин (1862-1918) жана атактуу испан сүрөткери, кубизимдин атасы Пабло Пикассонун(1981-1973) эмгектери ал үчүн кызыктуу экенин айтат. Кыргызстандык кесиптештери арасында болсо Үрүстөмбек Шыгаев, Талант Огобаев жана Эркин Салиев сыяктуу көп кырдуу жана изденген сүрөткерлер бар экенин белгиледи. Ал эми өзүнүн Грацтагы мааракелик көргөзмөгө коюлган үч эмгегиндеги касиеттүү асман түспөл көк, жошонун түсүндөй кызгылт кочкул бойоктордун үстөмдүк кылганын чыгармачылык өзгөчөлүгү катары түшүнөт:

- Мобу же тиги сүрөткердин тематикасы, техникасы, бойок колдонуу ыкмасы мага жагат деп айта албайм. Ал эми менин сүрөттөрүмдө көк өңдүн үстөмдүк кылуусу мен таасир алган чоң художниктердин, же жашоодон жана досторумдан алган таасирлердин, мамиленин туундусу, ой жүгүртүүмдүн өзгөчөлүгү болсо керек.

Айтмакчы, кыргызстандык кыл калемдин юбилейлик көргөзмөгө коюлган сүрөтү Грац радиосунун кызыгуусун жаратып, атайын берүүсүндө белгиленген жана талкууга алынган.

XS
SM
MD
LG