Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Нарын шаар башчысы митингге чыккандардын тарап кетүүсүн өтүндү


Мэр Алмаз Кулматов кызматынан өз каалоосу менен кетирүү өтүнүчү менен кайрылганын бирок аны Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жана шаардык кеңеш чече турганын митингге чыккандарга билдирди. Нарын облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Адыл Эсенбеков болсо А.Кулматовду мурдагы президент К.Бакиевдин кадры катары эсептеп, анын мэр болууга моралдык укугу жок экенин айтты.
Бүгүн 5 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү А.Кулматовду кызмат ордунда калтыруу, мыйзамдуулукту сактоо талабы менен митингге чыгышты. Ушул эле маалда облустук Координациялык кеңештин мүчөлөрү Нарын шаар башчысын кызматтан кетирүү талабын койду.
Учурда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен Коорлдинациялык кеңештин мүчөлөрү бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн Нарын. kg. агенттегине киришти. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG