Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

У.Барыктабасовдун тарапкерлери референдумга таасири тиерин айтышты


Бүгүн “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовду коргоо комитетинин мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүшүп, У.Барыктабасовдун мекенине кайтып келүүсүнө тоскоолдук кылбоону жана анын коопсуздугун камсыз кылууну Убактылуу өкмөттөн талап кылышты. Эгерде алардын талаптары аткарылбаса ар кандай акцияларды улантышарын, бул барып келип референдумга терс таасирин тийгизерин, Ысык-Көл облусунда референум үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн экенин белгилешти.

Аталган кыймылдын мүчөсү Акылбек Акунов Балыкчы, Караколдо У.Барыктабасовду колдоп митинг өткөргөндөргө акча таратылды деген маалыматты жокко чыгарып, Караколдо 300дөй адам чогулду деген Ысык-Көл облусунун губернаторунун басма сөз катчысынын маалыматы чындыкка коошпостугун, ал жерде эки миңдей адам чогулганын билдирди.

“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасов 2005-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп бирок БШК аны Казакстандын атуулу деп каттабай койгон. Буга нааразы болгон анын тарапкерлери 17-июнда өкмөт үйүнө кирип барышып, аларды күч органдары кууп тараткан. У.Барыктабасовго “массалык баш аламандыкты уюштурду”, “мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет кылды”,-деп айып тагылып кылмыш иши козголгон. Барыктабасов чет мамлекетке чыгып кеткенден кийин ага издөө жарыяланган. (AJ)

XS
SM
MD
LG