Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары А.Атамбаев Түркияда


Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары А.Атамбаев бүгүн Түркиянын Изник шаарындагы “Кыргыз күмбөздөрү” мавзолейинде болду. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда мындан 700 жыл илгери кыргыздардын жоокерлери Анатолияда түрк аскерлери менен ийиндешип душмандарга каршы бирге салгылашып эбегейсиз эрдик көрсөткөн. Ошол мезгилдеги султан Орхан Гази алардын урматына күмбөз тургузуп, ал “Кыргыздар күмбөзү” деп аталып калган.

Ал эми жергиликтүү түрк тарыхчылары болсо буга күмөндүү карашат. Анткени ал жерге кырк кыздын сөөгү коюлуп, “Кыр кыздын күмбөзү” деп аталып калгандыгы тууралуу маалымат бар.

Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев кечээ Анкарада Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катнашты өнүктүрүү тууралуу сүйлөштү. (AJ)

XS
SM
MD
LG