Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Убактылуу өкмөт Бишкек-Торугарт долбоорун жактырды


Бүгүн Убактылуу өкмөттүн отурумунда Бишкек-Торугарт автожолун оңдоону каржылоо долбоору боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимди жактырды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоорду жыйынга алып чыккан транспорт министринин милдетин аткаруучу Эркин Исаков Ислам өнүктүрүү банкы жолду оңдоого 16,9 млн. доллар каражат бөлүүгө даяр экендигин, 539 чакырым жолдун 300 чакырымына асфальт төшөлөрүн билдирди.
Ал ошондой эле донорлор менен долбоор боюнча сүйлөшүүлөр 3-4 ай жүрөрүн, андан кийин автожолду оңдоо иштери башталарын белгиледи. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG