Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:34

Москвада Андрей Вознесенский 77 жаш курагында каза тапты. Советтик доордо эч качан бийликтерге тизе бүкпөгөн көй кашка акынды мамлекет башчылары да эскеришти.

Орус акыны Андрей Вознесенский ушул шейшембиде узак оорудан кийин, Москвадагы өз үйүндө кайтыш болду.

Жолдоочулары да, атаандаштары да Вознесенскийди талантын баалап, тирүү классик деп эсептешкен, ал жаңычыл ырлары жана советтик режимге жагалданбагандыгы менен өлкөдөгү эң бир сүймөнчүктүү калемгерлердин катарында эле.

Вознесенскийдин урук-туугандарына Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен өкмөт башчысы Владимир Путин экөө тең көңүл айтышты. Путин Вознесенскийдин жесири Зояга телеграмма уруп, анын чыгармаларын «эркиндиктин, махабаттын, ак-сөөктүүлүктүн жана чын жүрөктөн чыккан сезимдердин гимни» деп атады.

Вознесенскийдин тырмак алды чыгармасы 1958-жылы жарык көргөн. Андан беш жыл мурда советтик диктатор Йозеф Сталин көз жумган эле. Андан кийинки «сайсий жылымтыктын» мезгилинде Вознесенский Чынгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев өңдөнгөн, «1960-жылдардын балдары» атыгып, жылдызы жаркырап жанган интеллигенция жана көркөм өнөр өкүлдөрүнүн муунунан болгон.

Либералдашуунун доорунда Вознесенский, Евгений Евтушенко, Роберт Рождественский өңдөнгөн алтын шилекейин чачыраткан акындар киши уй түгүндөй жыйналган стадиондордо ырларын окушкан күндөр өткөн.

Кез-кези менен пикир келишпөөчүлүктөр болгону менен, советтик бийликтер Вознесенскийдин ырларын көп том менен чыгарып, Европага, Кошмо Штаттарга барышына мүмкүндүк берген. Акын Батышта тез эле оозго алынып кеткен. Нью-Йоркто 1965-жылдын майында болгондо, Вознесенский Оза деген чыгармасын окуган.

Вознесенский, бард Вызоцкийдин мемориалы ачылгандагы сүрөт, 26-январ, 1988-жыл.

Бийликтердин кыжырына тийбегенге далалаттанган менен, Вознесенский эч качан Кремлдин көзүн карап, кошоматчылык кылган эмес. Ал тургай, 1968-жылдагы Чехословакиянын оккупациясын ачык эле айыптаган. Ал Сталинден кийинки советтик жетекчи Никита Хрушевдун кыжырлантканда, ачуусу чукул Хрушев аны эл алдында «капиталисттердин тыңчысы, сени жоготом» дегенге чейин барган.

Вознесенский кесиби архитектор болгон, өмүр бою сүрөт таркан. Ал ошондой эле айнекке кызыккан, аны эң поэтикалык материал деп атап, орус акындарына салыштырган.

1994-жылы "Азаттыктын" орус кызматына берген маегинде Вознесенский айнекке болгон кызыгуусу тууралуу сүйлөп отуруп, буларды айткан жери бар:

– Мен үчүн Николай Гумилев жалпак, кооздолгон айнек. Михаил Кузмин Венециянын айнеги. Велимир Хлебников сөздөрдү эритип, чагылдырган оптикалык айнек. Анын ырларын солдон оңгө, оңдон солго окуса болот. Ошондуктан жарыкты чагылдырган айнекке окшош.

Вознесенский көпчүлүккө «Миллиондогон кызыл роза гүлү» деген, Алла Пугачева ырдап чыккан ыры менен таанылган. Анын 1970-жылдардын этегинде коюлган, 18-кылымда жашап өткөн орус саякатчысы Николай Резановдун турмушун чагылдырган «Юнона менен Авос» деген рок-операга жазган либреттосу да зор кызыгууну пайда кылган.

XS
SM
MD
LG