Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Нарындагы кызмат чыры


Нарындагы апрель айындагы митинг акциялары (архивдеги сүрөт)
Нарындагы апрель айындагы митинг акциялары (архивдеги сүрөт)

Нарындагы айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү шаардын мэри Алмаз Кулматовдун таламын талашып, ошондой эле соңку айрым кадр алмаштыруу чечимдерине каршылык билдирип, 3-июнда митингге чыгышты. Аларга кээ бир мугалимдер, социалдык кызматкерлер, шаардык кеңештин депутаттары кошулду.

3-июнда Нарын шаарынын борбордук аянтына митингге чыккан себебин «Тынчтык» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Анаркүл Окошева мындайча түшүндүрдү:

- Себеби кечээ мэрди мыйзамсыз жумуштан алып салыптыр. Дегеле биздин максат мыйзамдуулук сакталсын деп атабыз. Декреттин тогузунчу пункту аткарылбай атат. Бардык иштер мыйзам чегинде болсун деп беш бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү чыктык.

Нарында координациялык кеңештин мүчөсү болуп саналган беш аял А. Кулматовдун мэр кызматынан кетип калышын талап кылып, каршылык акциясына чыгып жатышкан. Бүгүн митингге чыккандар ушул аялдардын иш-аракеттерин айыптап сүйлөштү.

Өзүн «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү экенин билдирген бир адам уюшкан бир ууч топтордун мамлекеттик кызматтагы адамдарды кысмакка алып, мыйзамсыз жол менен кызматтан кетирүү аракеттерине нааразылык билдирди:

- Ушул Нарын облусун беш эле аял тейлеп атат. Тигил кетсин, бул кетсин дейт. «Ата Мекен» партиясынын аброюн ушул беш катын тебелеп атат. Кыргызстан референдумду жана шайлоону өткөрүп алгычакты убактылуу өкмөттү колдоп тынч турушубуз керек эле.

«Жарандык демилге» коомдук уюмунун жетекчиси Чолпон Өмүрбай кызы кадрдык алмашуулар мыйзам чегинде болушу зарылдыгын белгилеп, Убактылуу өкмөт мыйзамдын талаасына келе албай жатса тескерисинче жардам бербей жаткандарды сынга алды:

- Өткөндө тегерек үстөл болуп бейөкмөт уюмдар чогулганда бирөөн уруп сабашты. Ал эже сотко чейин арызданып барса дагы сот коркуп ошол эженин арызын ала алган жок. Алар бийликтен коркуп атышат. Мындай заман Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы учурунда болгон эмес. Биздин губернатор Адыл Эсенбековдун жасап атканын биз бир адамдын аракети деп түшүнбөйбүз, биз аны «Ата Мекен» партиясынын жүзү деп түшүнөбүз.

Бир күн мурда шаар мэри А. Кулматовдун иш кабинетине жоон топ жигиттер жулунуп кирип, аны кызматтан кетүүгө мажбурлап арызын жаздырып алышканы жөнүндө маалымат тараган. Митингге чыккандардын бири мэрге кантип күч колдонуп арызын жаздырып алышканына өзү күбө болгонун билдирди:

- Алмаз Кулматов өз каалоосу менен бошогон жок. Ошол жүз бала үстүнө кирип, коколоп арыз жаздырып жатканда мен мэрдин үстүндө болчумун. Мени түртүп чыгып, эшикти жаап алышты. Күч менен мэрди алдыга салып, облустук администрацияга алып кетишти.

Ошол эле учурда облус губернаторунун милдетин аткаруучу Адыл Эсенбеков чогулган элдин алдына чыгып өзү да, Координациялык кеңештин мүчөлөрү да, эч бир партияга мүчө эместигин белгилеп, мындан кийин кадр алуу-коюуда мыйзамсыз чечимдер болбойт деп билдирди:

- Бирөөңөр "кетсин" деп, бирөөңөр "калсын" деп келгенди токтоткула. Мындан ары мыйзам иштейт, баары мыйзам чегинде болот. Мындан ары бирөөлөр кетсин десе, колдон сүйрөсө, сотко бергиле. Анан момундай ушактан алыс болгула, беш аялды угуп атыптыр деп. Мен андай киши эмесмин. Азыр координациялык кеңеш карады. Кетсин дегенден алыс болгула. 46 киши кетсе төңкөрүш болот, бизге кадр керек.

Митинге чыккандардын алдына келген координациялык кеңештин мүчөсү Канайым Бердибаева ар кайсы мекемелерден арыздар түшүп жаткандыгын билдирип, негизсиз эч кимди кызматтан кетирүү ниеттери жок экенин айтты.

Ошого карабастан түштөн кийин облус башчысы Адыл Эсенбеков чогулгандардын алдына чыгып, мурдагы айтканынан айнып, мэр «моралдык себептер боюнча» кетиши керек деп билдирди. "Эки сүйлөп жатат" деп Адыл Эсенбековдун сөзүнө чогулгандардын бир даары нааразы болушту.

Нарын шаар акими Алмаз Кулматов болсо өз кезегинде элге кайрылып, анын кызмат орду жөнүндө өткөөл мезгил президенти кандай чечим чыгарса, ошол чечимге баш ийерин билдирди.

Бийлик адамдары, митинге чыккандардын өкүлдөрү нааразылык туудурган маселелерди тегерек үстөл үстүндө чечүүнүн аракеттерин көрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG