Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Казак президенти аны улут көсөмүнө айландырган мыйзамга кол койбойт


“Улут көсөмү жөнүндөгү” мыйзамды казак парламентинин кош палатасы өткөн айда жактырган эле. Ал мыйзамга ылайык, Назарбаев президенттиктен кеткен күндө деле бийлигинин дээрлик баарын сактап калмак. Ошондой эле соттон жана тергөөдөн коргогон иммунитет алып, Назарбаевдин жана анын менен бир үйдө жашаган туугандарынын мүлкү кол тийбес болмок. Жогорудагыдай мыйзам кабыл алар алдында, былтыр сентябрда казак парламенти Назарбаевди президенттик кызматта түбөлүккө калтыруу сунушун талкуулап, бирок бул маселе кайра калып калган. Нурсултан Назарбаев бүгүн теледен чыккан учурунда талаштуу мыйзамга кол койбой турганын айтып, Казакстандын жарандарына жана парламент депутаттарына колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Мурдараак казак оппозициясы Назарбаевди мыйзамды четке кагууга чакырып, ал улут көсөмү деген атты жалгыз партиядан турган парламенттен эмес, элден алуусу керектигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG