Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Обама гуманитардык флотилияга байланышкан окуяны "кайгылуу" деп атады


АКШ президенти Барак Обама Газа тилкесине бараткан гуманитардык кемелерге байланышкан инцидентти “кайгылуу” окуя деп атады. CNN каналына берген интервьюсунда Обама ал Израилге жана Палестинага тынчтык процессин ыкчамдаттыруу керектигин көргөздү деди. Америкалык президент Израилдин коопсуздук тармагындагы кооптонууларга укугу бар жана окуянын чоо-жайы азырынча толук белгилүү эмес деп, кемеге чабуул коюу буйругун айыптоодон баш тартты. 31-майда Израилдин аскерлери менен кагылышууда түркиялык гуманитардык кемеде бараткан палестиначыл 9 активист каза болгон. Алардын бири теги түрк АКШнын 19 жаштагы жараны экени тастыкталды. Калгандары Түркиянын жарандары болчу. Бул окуя Анкара менен Телавивдин мамилелерин кыйла салкындатты.

XS
SM
MD
LG