Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Кабулда бүгүн тынчтык курултайы жыйынтыкталат


Ооганстанда тынчтык курултайы – Лойя жырга бүгүн соңуна чыкмакчы. 1 миң 600дөй делегат катышкан жыйын тынчтык орнотуу максатында талип согушкерлери менен сүйлөшүү жүргүзүү сунушун негизинен колдошот деп күтүлүүдө. Кечээ курултай катышуучулары бир нече топко бөлүнүп ким менен сүйлөшүү, кандай талаптарды коюуу керектигин жана тынчтык процессин ишке ашыруу жолдорун талкуулашты. Президент Хамид Карзай катардагы согушкерлерге мунапыс жарыялоо, курал таштагандарга жумушка орноштуруу жана башка жардам берүү, коомго интеграциялоо сунушун колдойт. Ал ошондой эле Ал-Кайида менен байланыштары жок жана ооган конституциясын таанууга көнүүгө макул болгон талип жетекчилери менен сүйлөшүүнү жактайт. Жыргага ар кайсы уруу, улуттук топтордун, саясий, диний күчтөрдүн өкүлдөрү чогулган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG