Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:07

А. Жооданбеков: АКШ менен алаканы чыңдоого умтулуу керек


Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы мамилелер тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын инновациялык билим берүү технологиялары жана программалары секторунун башкы адиси Асылбек Жоодонбеков менен маектешебиз.


-Сиз жакында эле АКШдан кайттыңыз, оболу айтып кетсеңиз, ал жактагы коомчулук Кыргызстандагы соңку окуяларды кандай баалап, талдап жатат?

- 7-апрелдеги окуя болгондон кийин, АКШнын көпчүлүк калкынын Кыргызстандагы окуялардан кабары жок. Ал эми ааламдашуу саясаты боюнча, дегеле дүйнөдөгү болуп аткан Азия өлкөлөрүндөгү саясат менен кызыккандар абдан кызыгуу менен кабылдашты. Мен тажрыйба өтүп келген Айова университетинде дагы өзгөчө саясат таануу илимин окуган студенттер, ушул тармакта иштеген профессорлор аябай кызыгып, Кыргызстандагы окуялар боюнча мен аларга презентация жасап бердим.

-Кыргызстандагы окуяларды алар эмне деп кабыл алышат, кандай деп баа беришти?

- Бул жерде өтө демократиялык коом болгондугу үчүн пикирлердин ар түрдүүлүгүн байкоого болот. Абдан дыкат сереп салып, Кыргызстандагы Акаевдин, андан кийинки Бакиевдин бийлигин терең талдап, анализдеген адамдар, муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карашат. Ал эми айрымдарынын болсо кабары жок. Үстүртөдөн дайыма чыгып турган айрым маалыматтарга таянгандар болсо, алар негизинен Ооганстан же башка өлкөлөр сыяктуу трайбалисттик деңгээлден жогору көтөрүлө албаган өлкө катарында, уруулардын ортосундагы таймаш катары карагандар да бар.

-Бүгүн күнү АКШ менен Кыргызстандын карым-катнашы кандай өнүгүп жатат сиздин баамынызда?

- Менин оюмча бүгүнкү күндө Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгы, биринчи кезекте Америка тарапты айтып койсок, алардын бүгүнкү күндөгү дүйнө жүзүндөгү өзүнүн лидерлик позициясын ээлөө үчүн жеке кызыкчылыгы бар экендигин айтып кетсек болот. Алар Орусия менен болобу, же башка өлкөлөр менен болобу, өзүнүн кызыкчылыгынын негизинде иш алып бармакчы.

Биринчиден, менин жеке пикиримде Кыргызстандагы бүгүнкү Убактылуу өкмөт, саясатчылар, саясат таануучулар, коомчулук биригип Америкага окшогон демократияны туу туткан, бүгүнкү күндө ааламдагы адамзатынын өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошкусу келген өлкө менен мамилени өнүктүргөнгө кызыкдар болушубуз керек.

Акаевдин да, Бакиевдин да бийлиги учурунда, тилекке каршы, алардан түшкөн каражат бир үй-бүлөнүн гана кызыкчылыгына штеп калган. Ошондуктан, менин оюмча, коомчулук, өзгөчө серепчилер, ушак деңгээлинде калып калбастан, терең анализдеп, өзүнүн саясий дагы, экономикалык дагы, финансылык да баасын бериш керек деп ойлойм.

- АКШнын айрым учурда экономикалык кызыкчылыгынан улам кош стандарттуу саясат жүргүзөт деп да айыптап келишет. Мисалы адам укугун эмес, экономикалык кызыкчылыкты жогору коюп жүрөт деп, бул айыптар канчалык жүйөлүү?

- Жеке пикиримди айтсам, ар бир нерсенин ак жана көк жагы болот. Ошондуктан сөзсүз түрдө, өзгөчө Палестинага, Израилге, Түркияга караганда, айрым өлкөлөрдө, тереңирек талдап келсек, кош саясат жүргүзгөнүн көрүүгө болот. Алардын кош саясаты бул оюн да. Өзгөчө дүйнөлүк, эл аралык саясатта дагы айрым учурда адам фактору аралашып кетет экен. Ошондуктан ал жерде кош саясаттар жүрүп кетиши ыктымал. Ошондуктан саясатчы дипломаттарыбыз алардын кош саясат жүргүзүүсүнө биз негиз бербешибиз керек. Ал бизге байланышкан нерсе. Албетте, ар бир мамлекетте андай болушу толук ыктымыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG