Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

К. Байбосун: Биздин менталитетибиз парламенттик башкарууга даяр эмес


Кыргызстан үчүн парламенттик башкарууга өтүү эртелик кылат, деп эсептейт саясат талдоочу Карыбек Байбосунов. Анын баамында, азыркы учурда президенттик же президенттик-парламенттик аралаш башкаруу ылайык болмок.


-Убактылуу өкмөт мүчөлөрү азыр алдыдагы парламенттик шайлоого кантип катышу керек дегенди талкуулап жатышат. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева айтты, саясий кеңеш, саясий бюро катары кала бересиңер деп. Кандай ойлойсуз азыркы өлкөнүн кырдаалда туура чечим болдубу?

- Азыркы кырдаалда кайра жаңыдан команда түзүп кириштин өзү туура болбой калмак. Себеби азыр кырдаал өтө курч, өтө оор. Ошол оор жүктүн милдетин алган адамдар аягына чейин туруш керек. Муну мен толугу менен колдойм. Себеби саясат каягына гана өзгөрбөсүн, ишти баштаган адамдар аягына чейин чыгыш керек. Саясаттын логикасы ушундай.

- Алдыда бир айга жетпеген убакыттын ичинде референдум өтөт, айтылып атат, референдумду өткөрүүгө кандайдыр бир күчтөр тоскоолдук кылышы мүмкүн деп. Ушул жактан сиз кандай анализ бере аласыз?

- Референдум боюнча мен кыскача айтайын. Референдумду жарыялаштын өзү бир топ катачылыктар менен башталып кетти. Эми мынча болгондон кийин референдум өткөрүп алалы. Жакшы болуптур, баягы күнү бирине-бири карама каршы келген суроолор бар болчу, алдын ала даярдалып атканда референдумга. Ошолор жоюлуптур дагы, бир өңчөй гана суроо калганы жакшы болду, кабыл алабызбы бул Конституцияны, же кабыл албайбызбы деген. Ал жагы өзүнчө маселе.

Экинчи маселе, бул биздин турмушка коошобу, киреби, же мамлекеттик түзүлүштүн туура эмес жагына алып келеби деген суроо. Бул баарыбызды ойлондурган суроо. Ошондуктан Венециялык комиссия жактырган Конституция бир аз чийкидей, бир аз шашып кеткендей өңдөнүп атат. Эгерде мүмкүнчүлүгү болсо Убактылуу өкмөт шашылбастан туруп, Конституциянын дагы башка варианттарын жалпы талкууга койсо болмок. Болбосо жалгыз эле бир Конституцияны талкуулап жатып алышты, болгон ММКлар ошого иштеп туруп алды. Шашылыш жазылган Конституцияны эми Батыштан жактырып алганга Текебаев жөнөп кетти. Ушул жагынан кичине күмөн болуп атат.

- Сиз мына чийки деп айттыңыз, Кыргызстанга кандай башкаруу системасына негизделген Конституция керек, дагы кандай пункттар кошулуш керек эле сиздин оюңузча?

- Менимче азырынча парламенттик шайлоого барабыз деген бир аз туура эмесирек. Себеби биздин менталитетибиз, коомдук түзүлүшүбүз, жагдайыбыз, аң-сезимибиз парламенттик башкарууга даяр эмес. Болбосо, коомдук түзүлүштү адегенде өзгөртүп, коомдук пикир, элдин нарк-насили деген нерселерди парламенттик башкарууга адегенде ыкташтырыш керек, экономикалык система да ошого өтүшү керек.

Ошондон кийин гана парламенттик башкаруу жөнүндө сөз болушу мүмкүн. Азырынча бизге президенттик башкаруу ылайыктуу болмок, же болбосо президенттик-парламенттик аралаш башкарууну кайрадан коюш керек. Ошондуктан ушул жерде бир аз маселе бар.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG