Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Масилет кеңешинин отурумунда улуттар аралык мамиле каралды


Анда улуттар аралык жаңжалдарды болтурбоо жана анын алдын алуу иштерин жүргүзүү белгиленди. Жалал-Абадда 19-майдагы окуянын чоо-жайы боюнча маалымат берген коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков чатактын себеби толук иликтенбегенин жана ага күнөөлү адамдар табыла электигин билдирди.

Ошондой эле отурумда Конституциянын жаңы редакциясын референдумдан өткөрүү маселеси талкууланып, өлкө аймагында 25 штаб түзүлгөнүн, шайлоочулардын тизмесин дыкат тактоо, аларды референдумга тартууну жогорку деңгээлде уюштуруу керектиги айтылды.
Адистер тышкы жана ички миграциянын кесепетинен айрым айылдарда 30 пайыздай эле шайлоочулар бардыгын, мурдагы бийлик бурмалоо жолу менен шайлоолорго 90 пайыз адам катышты деп жалган маалымат берип келгенин айтышты.

Убактылуу өкмөттүн алдындагы коомчулук менен өз ара байланыш боюнча Масилет кеңештин курамы саясий партиялардын, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турат. (AJ)

XS
SM
MD
LG