Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Тяньаньмэндеги кызыл кыргынды эскерүүгө бүгүн 50 миңдей адам чогулат


Колдоруна шам көтөргөн адамдар Гонконгдогу Виктория аянтына бүгүн кечирээк чогула башташат. Анткени Кытайда 1989-жылдын 4-июнундагы окуялардын курмандыктарын ушул жерде гана эскере алышат. Тайвандын жетекчилиги бул күнү Кытайды Бейжиндеги Тяньаньмэнь аянтындагы кыргындын курмандыктарын эскерип, диссиденттерди кысмактоону токтотууга чакырды. Тяньаньмэнде студенттердин массалык демонстрациясын өкмөттүк аскерлер күч менен басып, андан жүздөгөн адамдар набыт болгон. Былтыр ал окуянын 20 жылдыгын эскерүүгө 150 миңдей адам чогулган эле.

XS
SM
MD
LG