Жапон парламенти анын талапкердигин бүгүн колдоду. Наото Кан буга чейинки премьер Юкио Хатояманын өкмөтүндө финансы министри жана вице-премьер болуп иштеген. Хатояма өзүнүн калк ичинде популярдуулугу түшүп кеткенден кийин, ушул аптада иштен кетээрин жарыялаган эле. Ал өкмөттү болгону сегиз ай башкарды.