Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:45

Аравандык дыйкандар түшүмүн сата албай кыйналууда


Араван районунун акиминин милдетин аткаруучу Сайдулла Кочкоров «Азаттыкка» кабарлашынча, быйыл аймакта картошка жана мөмө-жемиштер эрте бышып, жылдагыдан көп жыйналды. Бирок түшүмдү сураган жана дүңүнөн такай сатып алчу чет өлкөлүк соодагерлер жок. Алар Кыргызстандагы туруксуз кырдаалдан чочулап, келбей жатышат. Мунун кесепетинен аравандык дыйкандардын көпчүлүгү кирешеден куржалак калуусу ыктымал.

Ош облустук акимчилигинин агрардык саясат бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов кыйынчылык убактылуу экендигин белгилеп, аравандык дыйкандар мындан ары түшүмүн Казакстанга сатууга мүмкүнчүлүк ачылгандыгын кошумчалады. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG