Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Коомдук ишмер Уларбек Матеев каза тапты


3-июнда Кыргызстандын өнөр-жайына эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин кандидаты, мурдагы вице-премьер-министр Уларбек Матеев каза тапты. Маркумдун жакындарына Убактылуу өкмөт өкүлдөрү көңүл айтып, ал өз ишин жакшы билген, мыкты уюштургуч адам болгонун белгилешкен. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-июнда өтөт.

У.Матеев 1951-жылы Фрунзе шаарында туулган. Ал 2006-жылдан тартып БУУнун өнүктүрүү программасынын экологиялык долбоорунун координатору болуп иштеп келген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG