Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Р.Отунбаева: Убактылуу өкмөт У.Барыктабасовдун келишине бут тоскон жок


Бул тууралуу Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева бүгүн Талас эли менен болгон жолугушууда билдирди. Ал У.Барыктабасовдун Кыргызстанга келип, мурда козголгон кылмыш ишке байланыштуу тартип коргоо органдарынын айрым суроолоруна жооп берип, бул маселеге чекит коюсу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Роза Отунбаева таластыктарды 27-июнда боло турган референдумга активдүү катышууга чакырды.

2005-жылдын 17-июнунда болгон массалык акцияга тиешеси бар делип Урмат Барыктабасовго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган болчу. Ошол убактан бери ал чет өлкөдө жүрөт. Анын учагы 24-майда “Манас” аба майданына конмок. Бирок аэропорттун жетекчилиги конууга уруксат берген эмес. Убактылуу өкмөт учак учуу эрежелерине шайкеш келбегендиктен өлкөгө киргизилбегенин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG