Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

Түркия Кыргызстанга 21 миллион доллар грант бөлөт


Бул тууралуу Убактылуу өкмөт жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуу учурунда белгилүү болгон. Мындан сырткары А.Атамбаев Түркияга иш сапары учурунда өлкө президенти Абдулла Гүл менен жолугушуп, ал Кыргызстан элине материалдык жана моралдык жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгилеген. Иш сапардын жыйынтыгында Түркиянын Кыргызстанга гуманитардык жардам берүүсү жана апрель окуяларында жабыркаган алты кыргызстандыктын Стамбул шаарындагы мамлекеттик ооруканаларда дарылануусу макулдашылган. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG