Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Улуттук онкология борборуна 1,2 миллион долларга жардам келет


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык уюм Улуттук онкология борборуна жалпы көлөмү 1,2 млн. долларга компьютердик томограф, гамма-камера аппараты жана брохеотерапия аппарат жардам берет. Бул тууралуу аталган борбордун директору Накен Касиев бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде өткөн Өзөктүк кубат боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен жолугушкан учурда айтты. Жолугушууда аталган уюмдун Техникалык кызматташтык департаментинин программалар координатору Микола Курильчик Кыргызстан кызматташууда артыкчылык берилген өлкөлөрдүн катарына кире тургандыгын белгиледи. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынын кабарлашты.

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык уюмга дүйнөнүн 150 өлкөсү катышып, алардын 120сы техникалык жардамдарды алып келет. Алардын жарымынан көбү медициналык багыттагы жардамдар болуп саналат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG