Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Каба уулу Кожомкулга арналган мелдеш өтүүдө


Ушул тапта Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында белгилүү балбан Каба уулу Кожомкулду эскерүүгө арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Кечээ башталган мелдеш бүгүн кечке жуук жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү аныкталмакчы. Ушул тапта төрт салмак боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

“Азаттыктын” спорт боюнча кабарчысы Кабыл Макеш мелдеш өтүп аткан жерден кабарлагандай, 55, 84 жана 120 киллограммдагы балбандардын күч сынашуусунун жыйынтыгында, Казакстандын балбандары биринчиликти алышты. Ал эми 66 киллограммдагы балбандардын кармашында Кыргызстандык Иннокентий Иннокентьев биринчиликти берген жок. Бүгүн 6-июнда 60, 74 жана 96 киллограмм салмактагы беш өлкөнүн балбандары күч сынашууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG