Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Словенияда кечээ референдум өткөрүлдү


Анда талаштуу чек ара тилкелери боюнча Хорватия менен түзүлгөн келишим жактырылды. Келишимге ылайык эки өлкөнүн Пиран булуңундагы деңиз чек арасына байланыштуу талашты эл аралык арбитраж комиссиясы чечет. Бул сунушту добуш берүүгө катышкандардын 51 проценти жактырды. Бул талаш Хорватиянын Евросоюзга кошулуу жолундагы башкы каскак болуп келатат. Эгер ал чечилсе, Хорватия 2012-жылы Европа Биримдигине алынышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG