Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Эдил Байсалов кызматын таштап жаңы саясий партия түзөт


Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппарат жетекчиси Эдил Байсалов парламенттик шайлоого өзүнчө саясий күч менен барат. Бул тууралуу Э. Байсалов “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Бүгүнтөн тарта ээлеген кызматын таштай турганын жарыялады. Эл арасында апрель ыңкылабынан кийин кадрдык дайындоолор боюнча нааразы болгондор көп, ошондуктан өкмөткө жаңы күчтөр келиши керек, дейт. Э. Байсалов. Анын баамында, убактылуу өкмөт мүчөлөрү да кызматын таштап, жеке саясий партиянын атынан эл кыдырып добуш топтошу зарыл. Убактылуу өкмөт өткөн аптада жыйын куруп өкмөттүн айрым мүчөлөрү кызматын тапшырбай шайлоого катышарын ырасташты. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева алар саясий бюра катары иштей беришерин билдирген болчу (Э. Байсаловдун маегин толугу менен аздан соң окуй аласыз). (EBM)

XS
SM
MD
LG