Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Венеция комиссиясы Конституцияны толугу менен колдоду


Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган комиссия Баш мыйзамда көрсөтүлгөн “президент бир мөөнөткө 6 жылга шайланат” деген беренеге абдан жогору баа беришип, “шайлоодо уткан партия 65 орунга ээ болот” деген жери сынга кабылып бирок комиссия муну түшүнүү менен кабыл алды. Маалыматка караганда Венеция комиссиясы Кыргызстандын Конституциясына карата корутундусун 2-3 күндөн кийин жөнөтүшөт.
Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев баш болгон кыргыз делегациясы 3-майда Италияга барышып Венеция комиссиясын Баш мыйзам менен тааныштырып, өлкөдөгү саясий абал, Конституциялык реформа тууралуу маалымат беришип, бүгүн таңга маал Бишкекке кайтып келишти. (AJ)

XS
SM
MD
LG