Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:00

А.Эркебаев жетектеген мамлекеттик комиссия аймактарга жөнөп кетти


Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 7-апрел окуясын ар тараптуу иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссия Талас, Нарын, Жалал-Абад, Ош шаарларында болуп, апрел-май окуясына катышкандар жана күбө болгондор менен жолугушат.

Убактылуу өкмөттүн 20-майдагы Декрети менен апрел-май окуясын иликтеп, саясий баа берүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

7-апрелде Ак үйдүн жанында нааразылык акциясына чыккан элге бийлик тарабынан ок атылып, жыйынтыгында 87 адам каза болуп, 1500дөн ашуун адам жарадар болгон. (АJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG