Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

А.Мирсидиков Сузактагы Ырыс айылында атып өлтүрүлдү


Бул тууралуу билдирген Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, түнкү саат 12ден 15 мүнөт өтүп, 7-июнга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтүнө Ырыс айылынын бир көчөсүндө атышуу болуп жатат деп кабар түшкөн. Милиция кызматкерлери Сузак районунун Ырыс айылына барганда ок тийип өлгөн төрт кишинин сөөгүн тапкан. Алдын ала иликтөө иштерин жүргүзгөндө, алар С.Мухитдинов, А.Мирсидиков (“Черный Айбек”), К.Казимов экендиги аныкталып, бирөөнүн аты-жөнү такталууда.

Тергеп-иликтөө кызматкерлери окуя болгон жерден Калашников автоматына тиешелүү октун 30 гильзасын, “ТТ” тапанчасынын бир гильзасын табышкан. Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG