Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:26

Өзбекстан Сохтон аскер техникасын чыгарып баратканда кыргыз жарандары жапа чекти


Баткендеги Сох анклавында турган аскердик оор техникаларын Өзбекстан өткөн жумада чыгарып бараткан учурда кыргыз жарандарына тиешелүү эки жеңил автоунаа талкаланып, төрт кыргыз жараны жаракат алганы коомчулукка бүгүн белгилүү болду. Айдаркен шаарчасынын тургуну Анарали Абдураимовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ал ошол 2-июнь күнү Кадамжай шаарчасынан келатып, аскердик оор техникалар кербенинин алдынан чыккан жана аларды көрөөр замат унаасын жол четине токтоткон. Бирок анын жанына келгенде казтаман бир БМД (боевая машина десанта) жолдон сүрүлүп келип унаасын тебелеп кеткен. Өзү болсо бутунан жана башынан жеңил жаракат алып, унаадагы бир жүргүнчү келин эс-учун жоготуп койгон. Ушундай эле окуя Кадамжай шаарчасына жакын жерде да болуп, дагы бир БМД Кызыл-Булак айылынын тургуну Шамсиддин Орозовго тиешелүү автоунааны сүзүп кеткен. Бул окуяда автоунаа ээси жеңил жаракат алып, анын жанындагы мектеп окуучусу Элеман Ибрагим уулу башынан катуу зака жеп, азыр ооруканада. Талкаланган автоунаалар оңдоого жараксыз экени айтылууда.

Ушундай окуя болгонун бүгүн "Азаттыкка" Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Сагынбеков да тастыктап, бул боюнча өзбек тарап күнөөнү толук мойнуна алуу менен келтирилген чыгымдарды төлөмөкчү болгонун кошумчалады. Учурда эки тараптын өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын топ чыгымдарды аныктоодо.

Өткөн айдын этегинде Сох анклавындагы Хушяр айылы менен Баткендин Согмент айылынын элинин ортосунда жайыт талаштан чыр чыгып, ырбап кеткен жаңжал жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде жөнгө салынган. Анда келишилген макулдашууга ылайык, Өзбекстан Сох анклавына 1999-жылкы Баткен окуясынын тушунда алып кирген аскердик оор техникаларын алып чыгып кетмек болгон. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG