Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

А.Атамбаев Британиянын элчиси менен жолугушту


Убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Британиянын Кыргызстандагы элчиси (резиденциясы Астана шаарында) Дэвид Моран менен жолугушту. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, А.Атамбаев Кыргызстанда саламаттык сактоо, айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу, айыл-чарбасына инвестиция тартуу сыяктуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин долбоорлору аркылуу жардам көрсөтүлүп жатканына ыраазычылыгын билдирди. Маалыматка караганда, жогорудагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн британ өкмөтү 7 миллион фунт өлчөмүндөгү каражат бөлгөн.
Д.Моран болсо расмий Лондон Кыргызстанды дос өлкө катары бааларын, Кыргызстандагы абал жана жаңы өкмөт тууралуу жакында Англияга барганда кенен маалымат берерин билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG