Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Бхопалдагы уулануунун күнөөкөрлөрү 25 жылдан кийин соттолду


Индиянын соту 1984-жылы 3-декабарда Бхопал шаарындагы өндүрүштүк кырсыкка жооптуу жети кишини эки жылдан эркинен ажыратты. Жетөө тең жергиликтүү индустар. АКШнын “Union Carbide” компаниясына караштуу химиялык завод кокус бөлгөн уулуу ис, Индия өкмөтүнүн маалымдашынча, 15 миңдей адамдын өмүрүн жуткан. Буга чейин Бхопал кырсыгына жооптуу деп эч ким соттолгон эмес. “Union Carbide” эбак жоюлган. Бирок 20 жыл мурда Индия өкмөтүнө 470 миллион доллар компенсация төлөп берген.

Чейрек кылым мурда Бхопалда болгон уулануу дүйнөдөгү эң жаман өндүрүштүк кырсыктардын бири деп саналат.

XS
SM
MD
LG