Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

АКШ Газанын блокададан куткаруунун жаңы ачкычын издөөдө


АКШ жетекчилиги Израилдин камоосундагы Газа секторундагы гуманитардык, экономикалык жана коопсуздук маселелерди жөндөөнүн “жаңы жолдорун” издөөдө. Мындай билдирүүнү АКШ вице-президенти Жо Байден 7-июнда Кызыл деңиздин жээгиндеги Шарм-эл Шейх курортунда Мисирдин президенти Хосни Мубарак менен кездешкен соң жасады. Жолугушуу АКШга союздаш Израилдин атайын күчтөрү 31-майда Газага гумжардам жана курулуш материалдарын тартып бараткан деңиз кербенине кол салып, калабада 9 киши набыт болгондон кийин өттү. АКШнын региондогу ишенимдүү союздашы Египет Израил менен тынчтык келишимин түзгөн биринчи араб мамлекети.

Франциянын Тышкы иштер министри Бернард Кушнердин билдиришинче, Евробиримдик Газага жөнөтүлгөн гумжардамдарды коштоосу, жардам менен кошо курал жарактын өтпөсүн текшерүүгө алышы мүмкүн. 1,8 миллион калктуу Газа сектору үч жылдан бери Израилдин камоосунда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG