Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Иран аскерлери Ирактын чек арасын бузду


Ирак өкмөтү ирандык аскерлердин өлкө түндүгүндөгү күрт регионуна кирүүсүнө байланыштуу Тегеранга нараазылык билдирди. Күрт автономиясынын өкүлү Керван Арифтин маалымдашынча, ирандык аскерлер өткөн бейшемби күнү (3-июнда) Ирактын Хаж Омран аймагында чек араны бузуп өткөн. Алар ирандык күрт эрегишчилеринин артынан кууп өткөн деп боолгонууда. Арифтин сөзүнчө, ирактык аскерлер жаңы чек араны орнотуу үчүн бул жерде лагерь курушкан.

XS
SM
MD
LG