Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Кыргызстан парламенттик демократия куруунун тайгак жолунда


Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 7-июнь.

Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 7-июнь.

Конституциянын жаңы долбоору боюнча Кыргызстанда кандай башкаруу орнойт? Эмне үчүн өткөөл мезгилдин президенти кызматына Р. Отунбаевадан башка атаандаш талапкер коюлган жок? Ушул сыяктуу суроолорго Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Ө. Текебаев жооп берди.


Венециялык комиссиянын көрөгөчтүгү


"Азаттык": - Буга чейин таратылган маалыматтарга караганда Венеция комиссиясынын отуруму сиздердин долбоорду жактырыптыр. Жалпы баарын дароо эле жактырдыбы, же кайсы бир өңүттөр талаш жараттыбы?

Ө. Текебаев: - Венеция комиссиясынын быйыл 20 жылдык юбилейи болду. Ал жерге бир топ мамлекет башчылары, Европа Союзунун Генералдык катчысы келип катышты. Бул комиссия 20 жыл мурун түзүлгөн. Максаты жаңы демократиялык өлкөлөргө, Чыгыш Европа өлкөлөрүнө европалык стандарттагы Конституция түзүп, Европага арыш-бериш болуп аралашып кетишине шарт түзүү үчүн жаралган экен. Башында 8 мүчөсү болгон болсо, азыр 56 мүчө болуп, Африкадан Латын Америкасына чейин, Борбордук Азиядан Кыргызстанга чейин мүчөлөрү болуп келет. Акыркы беш жылда биз Венеция комиссиясы менен тыгыз иштеп келе жатабыз. 2005-жылдан баштап биздин конституциялык реформаларды сунуштаган бардык долбоорлорубузга булар өзүнүн тыянактарын берген.

2007-жылда референдум менен кабыл алынган Конституцияга алар мындай деп тыянак кылган, бул өтө эле бир жакка ооп кетме Конституция болуп калыптыр, президент, карышкыр койдун короосуна киргендей, каалаганча өзүнө ыйгарып алыптыр. Мунун аягы 2005-жылкыдай төңкөрүш менен бүтөт деген жыйынтыгын чыгарышкан. Мына ошол Венециялык комиссиянын айтканындай чын эле болду.

Биз сунуштаган жаңы долбоор Венеция комиссиясынын сунуштарынын 90 пайызын эске алды десем болот. Венеция комиссиясы, албетте, баарын эле колдогон жок, алардын Европанын өзүнө ылайык стандарты бар. Мисалы, алар Конституциялык Соттун жоюлуп кетишин өтө кейүү менен кабыл алышты. Бирок Кыргызстандын тарыхый кырдаалын эске алып, Конституциялык Соттун өзүнүн авторитаризмдин күчөшүнө кошкон салымын, элдин ага болгон пикирин эске алып, кыйылып макул болуп, бирок кийин кайра кайрылып көрсөңөр дегендей сунушун айтты. Бул 20-30 жылдан кийин боло турган иш.

Негизинен биздин долбоор мактоого татырлык, биринчи кезекте, Орто Азиянын шартында биринчи жолу парламенттик демократия курганга чоң аракет катары бааланды. Адам укуктарын коргоого кепилдик берүүгө өзгөчө көп көңүл бурулгандыгын да белгилеп өтүштү.

"Азаттык": - Конституциянын жаңы долбоору боюнча бизде парламенттик башкаруу болобу, же парламенттик-президенттик башкаруу болобу?

Ө. Текебаев: - Бизде Конституциянын айланасында дискуссия тигил же бул терминге, тигил же бул маселеге жармашып, ошонун айланасындагы талаш-тартыш менен тилекке каршы чектелип келип жатат. Эң алгач эле биздин оппоненттер бул накта парламенттик эмес, бул аралаш система дегенди жасаганга аракет кылды. Биз мындай деп жооп бердик. Биз сунуштап жаткан парламенттик системанын кандай система экенин Конституцияда жазганыбыз жок. Ал кандай система экенин тарыхчылар менен окумуштуулар аныктасын. Биз Кыргызстанды бүгүнкү кырдаалдан чыгарып, бүгүнкү биздин ички абалыбызга туура келген Конституциянын долбоорун сунуштадык.

Муну демилгечилер парламенттик башкаруу формасы деп айтып жатабыз. Авторитеттүү Венециялык комиссия дагы биздин долбоорду парламенттик башкаруу формасы деп атады. Туура, Кыргызстандын шартында президентибиз жетишээрлик чоң ыйгарым укуктарга ээ. Ал ыйгарым укуктар деген эмне? Президент бюджет маселесинде салык маселесинен башка бардык мыйзамдарга кайчы пикирин айтып, мыйзамга кол койбой коюшу мүмкүн. Парламентке кайра кароого артка жөнөтөт. Мындай карасаңыз, бул бийлик эмес, кыргыз муну бийлик деп эсептебейт. Кыргызда кадрды, финансыны, лицензияны чечсең, мына ушуну бийлик деп эсептейт.

Чындыгында мыйзамга кол койбой коюу дагы бул түздөн-түз болбосо дагы кыйыр бийликтердин түрү. Муну биз президентте сактап калдык. Анткени, парламентте көпчүлүккө ээ болгон партия өзүнө ылайык мыйзамдарды чыгарып ала бериши мүмкүн, ошондо жок дегенде кошумча элек, кошумча көзөмөл болсо деп президент калыс адам боло алат деп ага ушундай ыйгарым укукту бердик.

"Азаттык": - Демек парламенттик башкаруу деп Венеция комиссиясы эсептеп атат. Президенттин ыйгарым укуктарына тышкы саясат кирген эмес экен. Дегеле тышкы саясатты ким жүргүзөт?

Ө. Текебаев: - Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин башчысы, ал эл аралык мамилелерде Кыргыз мамлекетинин өкүлү болот. Бирок парламент өлкөлөрүндө каралган тартипте, президент тигил же бул келишимге кол коердон мурун аны өкмөт менен макулдашышы керек. Премьер-министр гана сыртта өкүл болуп келишимдерге кол кое алат. Ал эч кимдин макулдугун албайт. Ошентип чыныгы тышкы саясатты жүргүзө турган саясий фигура бул аткаруу бийлигинин башчысы премьер-министр болуп калат. Бирок бул деген сөз, президенттен дагы таптакыр мамлекеттин өкүлү болгон статус алынып салат дегендикке жатпайт.

"Азаттык": - Качантан бери келаткан кошуна стратегиялык жактан кызматташ, постсовет өлкөлөрдүн бардыгы президенттик башкаруу менен келатат. Ушундай шартта Кыргызстандын парламенттик башкаруу ыкмасын тандап алышы кызматташтык мамилелерге терс таасирин тийгизбейби? Мында кызматташтык кандай болот?

Ө. Текебаев: - Биринчиден, чын эле Орто Азияда бул болуп көрбөгөн үлгү. Кыргызстандагы бул долбоор биздин аракетибиз ийгиликке жетишеби деп коңшу өлкөлөр эле эмес бүткүл дүйнө көз салып турат. Бул абдан маанилүү биз үчүн. Эгерде биздин ишибиз ийгиликтүү болуп кетсе, коңшулар кийин биздин артыбыздан эрчиири турган иш. Ошондуктан кээ бир адамдарды биздин бул үлгү тынчсыздандырып жатат.

Ал эми талаштар жөнөкөй терминдердин, жөнөкөй көрүнүштөрдүн айланасында болуп жатат. Бүт коңшу өлкөлөрдө президенттер болсо биздин өлкөдөн премьер-министр барса, алар теңине алабы, чогуу отурабы деген суроо чыгууда. Ошол эле Япониянын императору менен эмес, Германиянын президенти менен эмес, премьер-министрлери менен сүйлөшөт. Европанын жарымынан көп өлкөсү бул парламенттик өлкөлөр. Алар менен тил табышып эле, жакшынакай болуп, дүйнөлүк 8 ири мамлекеттердин арасында деле жалпы эле дүйнөлүк мамилелерде көп өлкөлөрдө премьер-министр өкүл болот.

Бир системадан экинчи системага өтүүнүн кепилдик механизми

"Азаттык": - Референдум алдыда турат. Референдум аркылуу Конституциянын долбоору тастыкталат, легитимдешет, ошону менен бирге бул жерге мыйзам долбоору менен кошуп Өткөөл президент дегенди киргиздиңиздер. Өткөөл президент деген эмне үчүн өзүнчө пункт болуп кирген жок?

Ө. Текебаев:
- Биринчиден, саясат таануучулар, жалпы эле биздин оппоненттер мындай деп жүрөт. Референдум менен Убактылуу өкмөт өзүн мыйзамдаштырат деп. Бул туура эмес көз караш. Убактылуу өкмөт референдум менен өзүн мыйзамдаштырбайт, Убактылуу өкмөт шайлоолордо келе турган жаңы бийликти мыйзамдаштырат. Убактылуу өкмөттүн күнү бүтүп бара жатат. Убактылуу өкмөттүн бир тобу референдумдан кийин кызматынан кетип шайлоого аралашат, калган бөлүгү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына жараша тагдырын чечет.

Бир системадан экинчи системага өтүп кетүү кыйын. Бизде легитимдүү бир да бийлик органы жок. Эгерде октябрда президенттик жана парламенттик шайлоо бир боло турган болсо, кыргызда билесиз, шайлоонун аягы чыр-чатак менен, талаш-тартыш менен бүтөт. Кой-ай деген эл тааныган мамлекеттик бийлик органы болбосо, октябрдагы президенттик жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгы эмне менен бүтөөрүн эч ким билбейт. Мына ушундай кырдаалда биз бир системадан экинчи системага өтүп атабыз, бийлик гана алмашкан жок, бир системадан экинчи системага өтүп аткан өткөөл мезгилде туруктуу, убактылуу президент шайлап алсак деген идеяны алып чыгып атабыз.

Бул президенттик шайлоо эмес, муну биз жаңы Конституцияны күчүнө киргизүү, бир системадан экинчи системага өтүүнүн кепилдик механизми катары карап атабыз. Мисалы бут-кол сынса шакшак коюлат го, эт-сөөк бүткөндөн кийин шакшак алынып салат. Бул эки системаны тиккен, ошонун айланасында саясий процесстер өнүгө турган багыт көрсөткөн стержень. Ансыз бизде саясий окуялардын өнүгүшү дестабилдешүүгө алып келиши мүмкүн. Мына ошол пландан биз бир жарым жылга өткөөл президентин шайлап отурабыз. Бул канчалык даражада демократиялык?

Бул кырдаалга жараша президент толук 5-6 жылдык мөөнөтүн алып шайланган жок. Бир жыл деген бул өткөөл мезгилди артка кайткыс кылып аныктай турган кыска убакыт. Бир жыл деген сөз эмдиги жылы жазында президенттик шайлоо башталат дегенди билдирет. Ошондуктан бул өтө чоң мөөнөт эмес. Ошондуктан бул жерде демократиялык принциптер одоно бузулду деп айтканга болбойт. Бул тарыхый кырдаалдан чыгып келген окуя. Биз кайсы жерде болбойлу, эл аралык байкоочулар, коңшу өлкөнүн өкүлдөрү бул татаал кырдаалда абдан ылайыктуу табылган чечим катары буга маани берип жатышат.

Референдум: диверсия, миграция коркунучтары

"Азаттык": - Бирок башкача өңүтүн эске алып жатасыздарбы. Кокустан кээ бир силерге атаандаш саясий күчтөр референдумду өткөрбөй коюу аракеттерин да жасайт деген маалыматтар тарады. Ошону алдын алуучу кандай чараларды көрүп атасыздар?

Ө. Текебаев: - Референдумду өткөрүүдө проблемалар бар. Ал проблемалар кээ бир оппонент партиялардын аракетинен, же алардын агитациясынан эмес. Эски бийликтин калдыктары өлкөнү дестабилдештирип, тынчтыкты бузганга, улут аралык жана регион аралык чыр-чатактарды чыгарганга, балким диверсиялар менен элди үркүтүп, үшүн алганга аракеттер болушу мүмкүн. Андай болушу мүмкүн экендигин акыркы кездердеги окуялар кабар берип турат.

Экинчиси, бизде жарым миллион адам сырт жакта жүрсө, жарым миллион адам өлкөнүн ичинде мигрант болуп шайлоо участокторунда, тилекке каршы, жайында жок болот. Бул отпуска убагы адамдар жайлоого, тууганчылар бир региондон экинчи регионго кетет, ошентип шайлоочулардын дээрлик жарымына жакыны шайлоо участокторунда болбой калышы мүмкүн. Кыргызстанда эле эмес бткүл дүйнөдө жай айы өзгөчө саясий пассивдүүлүктүн сезону деп аталат.

Ошондуктан адамдардын референдумга келип катышуусу аз болушу мүмкүн. Аны чечүүнүн бир гана жолу бар, биз граждандарга бул окуя тарыхый экенин, анын маанилүүлүгүн түшүндүрүшүбүз керек. Илгеркидей болуп келбей калган адамдардын ордуна бирөөлөрдүн добуш берип коюшун биз жокко чыгарганга аракет кылышыбыз керек.

Өзүңүз билесиз, 2007-жылкы референдумда Баткен облусунда 99 адам келип катышып добуш берди деген маалымат болгон. Бизде андай болушу мүмкүн эмес. Биз мүмкүн болушунча адилет өткөргөнгө аракет кылып атабыз. Кыргызстандын сыртында жүргөн жана Кыргызстандын ичинде миграциялап жүргөн, референдум болгон мөөнөттө өзүнүн участогунда болбогон адамдардын тизмесин алып, аларды өзгөчө белгилеп, негизги тизмеден чыгарганга аракет кылып жатабыз.

"Азаттык": - Бирок референдумду болтурбай коюу аракеттери деген маселе бар да. Убактылуу өкмөт коопсуздук жагын кандай чечип жатат?

Ө. Текебаев: - Биз референдумду өткөргөнгө аракет кылышыбыз керек. Граждандардын көбү, сурамжылоо көрсөткөндөй, биз сунуштаган концепцияны колдоп жатат. Анткени башка альтернативалык концепция бирөө эле, ал кечээки күн, ал бүгүнкү Конституция. Бүгүнкү Конституция эмнеге алып келерин баарыбыз көрдүк.

"Азаттык": - Эмне үчүн долбоорду үч тилде чыгаруу көтөрүлдү? Муну өзбек тилин мамлекеттик тилге теңештирүү аракети катары баалагандар бар. Бул боюнча бизге түшкөн маалыматтар бар, жарыялабай туруп эле өзүнчө чыгарып койсо болбойт беле, же болбосо ошонун зарылчылыгы бар беле деген суроо туулуап атат?

Ө. Текебаев: - Официалдуу түрдө БШК Конституциянын долбоорун кыргызча жана орус тилдеринде басып чыгат. Ал эми эл аралык уюмдардын жардамы менен жеке адамдардын котормосунда официалдуу версия катары эмес, өзбек тилинде автордук которуу катары 10 миң тираж менен Конституциынын долбоору басылып чыгып атат. Ошондой эле басылып чыгарууну Еврокомиссия тажик тилинде да карап көрсөкпү деген ой-пикирлерин айтып атат. Буга окшогон мисалдар мурунку референдум убактарында да болгон. Конституциялар бизде кыргызча, орусча, өзбекче жана башка тилдерде басылып чыгарылып келген. Мунун баары жеке демилге менен, же эл аралык уюмдардын аракеттери менен болуп келген.

"Азаттык": - Саясий өңүтү чочулаткан жокпу сиздерди?

Ө. Текебаев: - Жок. Эми, албетте, муну дагы бурмалап, улут аралык араздашуунун призмасы катары караганга арккет кылгандар болушу мүмкүн. Бирок бул ушул кезге чейинки болуп келген практика. Кыргыз Конституциясы керек болсо англис тилинде дагы зарыл болгон көлөмдө басылып чыгыш керек. Биз аны англис тилине которуп, Европага Венеция комиссиясына алып барып тааныштырып келдик.

"Азаттык": - Азыр ачык эле айтып атасыздар сиздер, өкмөттүн мүчөлөрү, референдум өтө элек, бирок парламенттик шайлоого камылгалар жүрө баштады. «Ата Мекен» партиясы парламенттик шайлоого камданып атабы?

Ө. Текебаев: - Биз ар дайым даярбыз. Азыр шайлоого даярдык катарында регионалдык конференциялар өтүп жатат. Өзүңүз билесиз, Бишкек шаардык конференциясы болуп өттү. Жакынкы күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын партиялык уюмдарынын конференциялары болот. Алар референдум, Роза Отунбаеванын талапкерлигин колдоо боюнча маселени карап элди колдогонго чакырат. Мен ишенимдүү айта алам. Анткени бул жалпы партиянын позициясы. Азыр Ысык-Көл облусунда райондук конференциялар өтүп жатат. Мунун баары республикалык курултайга делегаттарды шайлоо планкасында болуп жатат.

"Азаттык": - Эксперттердин жазганын окуп калдым, өткөөл президент кызматына атаандаш талапкерлер болбой калды, эмне үчүн жалгыз Отунбаева коюлду?

Ө. Текебаев: - Бул шайлоо эмес. Бул Конституциянын долбоорунун өткөөл мезгилин камсыз кылуучу кепилдик механизми катары каралып жатат. Ошон үчүн биз бир жарым жылга койдук. Эгерде альтернативалык болсо бул толук кандуу президенттик шайлоо болмок дагы, анан алты жылга шайланмак. Бирок алты жылга шайлайын десеңиз ал Конституция күчүнө кире элек. Бул шайлоолор эски Конституциянын рамкасында болуп, өз кезегинде саясий кыйынчылыктарды пайда кылмак.

Билими жок, бирок куу, баатыр губернатор жөнүндө

"Азаттык": - Элдин оозунда сөз жүрөт, «Ата Мекендин» жергиликтүү лидерлери бийликти көп ээлеп алып атышат. Ашкере өктөмдүк кылып атат, кылмыш дүйнөсү менен аралашкандар да бар деген өңдүү...

Ө. Текебаев: - Мисалы?

"Азаттык": - Нарында, Таласта, мисалы айтылып атат.

Ө. Текебаев: - Таластын губернатору Койсун айымды Бакиев жана анын криминалдык агенттери куугунтукка алып, ал аялды өлтүрөбүз деп жүрүшкөн. Талас облусу боюнча муну жалган каралоо деп эсептейм.
Туура, Нарында орто билимдүү карапайым адамдын баласы тагдыр, тарых аныктап губернатор болуп калды убактылуу алты айга. Нарында 6-апрелге чейин эл көтөрүлүп укугун талап кылып атканда, камалып кетүү, өлүп калуу коркунучу турганда, мен башкарам деген азамат чыккан эмес. Жетисинде нарындыктар жергиликтүү бийликти өз колуна алып губернаторду шайлайбыз дегенде алардын карманаарга таянычы болгон эмес. Карапайым адамдын орто билимдүү баласын губернатор деп өзүлөрү шайлап алган. Аны Убактылуу өкмөт, «Ата Мекен» шайлаган эмес. Ал кезде «Ата Мекен» партиясы түрмөдө отурган, Убактылуу өкмөт жок болчу.

Бүгүн костюмдарын жылтылдатып кийип алып, жиптерди минип алып ошонун ордун алсам деген азаматтар көп. Ал болгону алты айга, өткөөл мезгилде убактылуу өкмөттүн тушунда губернаторлукка дайындалды. Балким ал эртең, бүрсүгүнү жумуштан кетет, ал кеткенге даяр. Дайындалып атканда сен убактылуусуң биздей эле, ар кайсы убакта кетип калышың мүмкүн дедик. Губернатордун үстүнөн көп сөздөр болуп атат.

Биринчиден, аны «Ата Мекен» эмес нарындыктар өзүлөрү шайлап алган. Муну нарындыктар жана республиканын калкы билиш керек. Экинчиден, мен оппоненттерине, бүгүн өкмөттүн аппарат жетекчисине айттым, иликтештиргиле, текшерттиргиле, Эмгек Кодексин бузуп кимди кызматтан алып коюптур десек, мыйзам бузулган жок дейт. Ал билими жок болгону менен куу экен дейт. Куу эмес адилеттүүдүр, биз билбейбиз да. Губернатордун өзүнө ылайык ыйгарым укуктары жана милдеттери, объективдүү көрсөткүчтөрү болот.

Ошол боюнча ишин иликтегиле деп, эки ай болду, баасын бергиле, мойнуна коюп туруп, биз эртең кызматтан алып коелу деп мен азыр Роза Исаковнанын алдында өкмөттүн аппарат жетекчисине ушундай көрсөтмөнү биз бердик. Балким, анын мүнөзү, жүрүм туруму өзүнүн айлана-чөйрөсүнө ылайык болгон. Ошонусу классикалык чиновниктин образына туш келбестен, көп адамдарды жүдөтүп мүшкүлгө салып аткандыр.

Мен Адылды элде жок чыгаан адис дебейм, анын адистиги жок, аны укмуштуу компетенттүү тажрыйбалуу жетекчи дебейм, анткени анын тажрыйбасы жок. Ал болгону баатыр. Эл баатырлыгына тан берип, убактылуу губернатор кылып дайындап алган. Референдум, шайлоолор өтөт, мен ойлойм, ушулардын жыйынтыгына жараша республикада өкмөт гана алмашпастан, жер-жерлерде губернаторлор да алмашышы мүмкүн. Ал эми айткандарга берер жооп - фактыларыңарды даярдап, Нарындын губернаторунун мыйзам бузууларын тактап, тастыктап ошого чейин даярдап тургула, аны алып коюш бул - техникалык иш.

"Азаттык": - Жалал-Абаддагы окуялардан кийин «Ватан» партиясынын лидери Кадыржан Батыров менен «Ата Мекен» партиясынын жакын мамилеси жөнүндө сөз тарады, сизге деле жетсе керек. Бул жөнүндө пикириңиз кандай?

Ө. Текебаев: - Биздин эч кандай жакын мамилебиз жок. Кадыржан Батыров өз алдынча коомдук ишмер. Жалал-Абадда «Ата Мекен» партиясы куралсыз барып, куралчан баскынчылардан администрацияны бошотуп, жаңы өкмөттү мыйзамды калыбына келтирүү үчүн барып сокку, ок жеп, артка чегингенде түштөн кийин «Родина» партиясынын өкүлдөрү барып катышкан. Балким, ошондон улам бул эки партиянын байланышы бар деп айтып жаткандыр.

Кадыржан Батыров Бишкекке бир нече жолу келген, ал өкмөт мүчөлөрүнүн бир тобу менен жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кетип атканы барыбызга маалым. Бирок мен баса белгилегим келет, мени менен бир дагы жолу жолуккан жок. Менин кабинетим катар жерде турса дагы, бир имаратта турса дагы мени менен жолуккан жок. Ошондуктан таратылган сөздөр маалыматты бурмалап башка багытка бурганга аракеттер деп мен эсептейм.

Экинчиден, эгерде тигил, же бул партия менен, же коомдук ишмер менен эгерде ал туура эмес иш жасабаса, мыйзам бузбаса, мамиле күтүү бул табигый нерсе. Биздин жаны сунуштап жаткан концепциябыз дагы саясий партияларды, саясатчыларды ымалалашып, мамилелешип компромис тапканга негизделген саясий система. Эгерде анын лидерлери туура эмес иштерди жасап, мыйзамга туура келбеген чакырыктарды жасаса, алар мыйзам алдында толугу менен жооп бериш керек.

Бир миллиондун санаасы

"Азаттык": - Мурдагы бийлик убагында куугунтукка кабылган журналисттер жөнүндө сурагым келип атат. Мисалы алардын ичинен Геннадий Павлюктун жакындарына Убактылуу өкмөт 1 млн. сом жардам көрсөттү, абдан колдоого алынып атат. Ушундай эле жардамдар маркумдар Алишер Саиповдун, Алмаз Ташиевдин жакындарына берилиши мүмкүнбү?

Ө. Текебаев: - Айтыш кыйын. Анткени миллион сомдук көмөк көрсөтүү апрель окуяларына түздөн-түз тиешеси бар адамдарга, түздөн-түз бийлик органдарынын курмандыгы болду деген адамдарга төлөндү. Г.Павлюктун өлүмүнө түздөн-түз бийлик органдарынын тиешеси бар экендигин далилденген факт катары карасак болот. Казак бийликтери бир эмес, бир нече жолу буга Кыргызстандын коопсуздук кызматынын офицерлери катышкандыгы жөнүндө жарыяланды. Азыркы болуп жаткан иликтөөлөр дагы Павлюкту саясий мотивде бүгүнкү бийликтин буйругу менен курман болгондугун далил катары карап жатат.

Ал эми башка журналисттер бул аныктамага, тилекке каршы, кирген жок. Алардын үй-бүлөлөрүнүн трагедиясын биз түшүнөбүз жана кайгысын тең бөлүшөбүз. Бирок чыккан токтомго кошуп киргизүү канчалык биз каалаган күнү дагы мүмкүн эмес. Эгер андай болсо бул тизме дагы кеңири болуп жайылып кетет. Жарадар болгон деп ошол эле Сыргак Абдылдаевге, биз жарадар болгондорго белгилүү бир сумманы көрсөтүп атабыз да, анда ал да мен жарадар болдум деп чыгат. Ал биздин партиянын мүчөсү. Бирок ага ким бычак сайганын биз так билбегендиктен, убакыт да өтүп кетти.

Ушул жерде айта кетейин, Павлюктун эстелигин койгон атабыз, бул «Ата Мекендин» демилгеси. Анткени бул биздин партиянын мүчөсү болбосо дагы, кызматташып жүргөн.

"Азаттык": - Кезинде өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон Сыргак Абдылдаев, Чолпон Орозобекова, Бермет Букашева өңдүү журналисттерге Убактылуу өкмөттүн мамилеси кандай?

Ө. Текебаев: - Аларга Убактылуу өкмөттүн мамилеси түз. Бирок көчкөн апааттан да жаман деп коет го. Качкан журналисттердин бир тобу бар. Бөтөн жерде өздөшүү азап. Алар өздөшүп жашап калышты. Алар кандай жолду тандап алат, келеби же белгилүү убакытка ал жерде калышабы, бул алардын жеке иши.

Саясий конкуренция күчөсө - сөз эркиндиги өнүгөт

"Азаттык": - Басма сөз эркиндиги кынтыксыз болушу үчүн азыр эмне жетишпейт бизде?

Ө. Текебаев: - Биз сунуштаган система эркин басма сөзгө чоң маани берет, ошонун негизинде гана жашай алат. ММКлар эркин болуш үчүн бизде саясий, экономикалык монополия болбош керек. Тең тайлашып атаандашкан саясий системада басма сөз эркин болууга шарт түзүлөт.

"Азаттык": - Азыр өксүк эмнеде деп ойлойсуз?

Ө. Текебаев: - Бизде саясий конкуренция күчөсө реалдуу сөз эркиндиги болот, сөз эркиндигин басып, кысып койгонго эч кимде үстөмдүк болбой калат. Ал эми басма сөз маалыматынын өксүк проблемасына карасак, бул биринчи кезекте коммерциялык финансылык, саясий көз карандылык. Ал экөөнөн чыгып кетүү жакынкы убактарда кыйын болот. Анткени бул өлкөдөгү экономикалык кырдаалга да түздөн-түз көз каранды. Граждандар канчалык деңгээлде гезит, журналды сатып алганга, ошол маалымат үчүн акча төлөгөнгө даяр экендигинен да көп нерсе көз каранды. Ошондуктан эң чоң өксүгү коммерциялык, финансылык жактан болуп, ошонун кесепетинен бизнес структуранын, же саясий топтун көзүн карап калган учурлар бар жана боло бермекчи.

"Азаттык": - Сиз өзүңүз таасирдүү саясатчы катары азыр таанымалсыз, өзүңүздүн менчик телекомпанияңыз болушун каалайсызбы?

Ө. Текебаев: - Жок. Бүгүнкү кырдаалда саясий сөз эркиндиги деп эмнени түшүнөм? Бир эле басылмада альтернативдүү көз караштардын сөзсүз түрдө чагылышы. «Азаттык» сиздердин стандартты мисал катары айтса болот. Экинчиси, тигил же бул көз карашты чагылдырган ММКлардын көптүгү. Эл баарын угуп-көрүп, өзүнчө жыйынтык чыгарыш керек. Мына ошентип биз жоопкер иликтеген, изилдеген гражданинди калыптандырышыбыз керек. Баарын угуп бир сөзгө да ишенбей өзүнчө таразалап көрүп, бир бүтүм чыгарган шайлоочуну, угарманды тарбиялашыбыз керек. Мына ошол гана жоопкер гражданин боло алат.

"Азаттык": - Куугунтукка кабылган маалымат каражаттарынын бири бул «Сентябрь» телеканалы болчу. Азыр анын тагдыры эмне болуп атат?

Ө. Текебаев: - Тилекке каршы, ал чечилгис чоң кыйынчылыктарга туш келген. Жакынкы күндөрдө өзүнө келип, калыптанып кетиши кыйын.

"Азаттык": - Маегиңизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG