Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Республикалык тесттин жооп баракчалары компьютерге түшүрүлдү


Эми Жалпы республикалык тесттин жооп барактарынын электрондук варианты өлкөдөгү банктардын биринде сакталат. Анын бир ачкычы Коррупцияга каршы күрөш агенттигинин, экинчиси Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнө берилет. Быйыл жалпы республикалык тест сынагына 31 миңге жакын бүтүрүүчү улан-кыз катышты. Физика жана тарых сабактары боюнча жаңы тест киргизилди. Бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик жогорку окуу жайларга тапшырууга мүмкүнчүлүк берген мындай тест сынагы Кыргызстанда 2002-жылдан тарта жүргүзүлүп келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG