Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

Укук коргоочулар: Шайлоочулардын тизмесин тактап чыгуу зарыл


Алар ошондой эле Убактылуу өкмөткө "Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган системасын жаңылоону, Кыргызстандын аймагындагы жана сырткары жүргөн жарандардын тизмесин тактап чыгууну сунушташты. Бул маселе бүгүн “Эмгек мигранттарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу” деген аталыштагы тегерек үстөл жыйынында көтөрүлдү.
БШКнын маалыматына караганда чет мамлекеттерде Кыргызстандык 16 миң шайлоочу катталган. Укук коргоочулар болсо өлкө аймагынан сыткары жүргөн шайлоочулардын саны кыйла көп экендигин, өткөн президенттик шайлоодо чет жактагы 200 миңден ашуун шайлоочу добуш бергенин белгилешти.
Жыйынга БШКнын, жарандык коомдордун,тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG