Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Стамбулдагы бомба жарылуудан 15 киши жаракат алды


Жаракат алгандардын көпчүлүгү полициячылар. Жарылуу шаардын европалык бөлүгүнүн чек жакасында, жалаң полициячыларды салган кичи автобустун жолунда, эртең мененки кымгуутта болгон. Жардыруунун артында ким тургандыгы азырынча белгисиз. Стамбулдун полиция башчысы Хусеин Чепкиндин жарым расмий “Анадолу” жаңылыктар агенттигине билдиргенине караганда, бомба аралыктан башкарылуу менен жардырылышы мүмкүн. Полицияны бутага алган бул жардыруу Стамбулда Азиядагы карым –катнаш жана ишеним чаралары кеңешмеси уюмунун саммити өтүп жаткан учурда болду.

XS
SM
MD
LG