Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

БШК референдумга бүллетендерди даярдоо тартибин бекитти


Бул тууралуу билдирген БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, БШКнын токтомуна ылайык референдумга бүллетендерди даярдоонун жана аларды референдум комиссиялары жайгашкан участкаларына жеткирүүдө коопсуздукту камсыз кылуу Мамлекеттик коопсуздук кызматына, Ички иштер министрлигине тапшырылды.

Кыргызстандын аймагындагы райондук, шаардык участкалык референдум комиссияларына бүллетендер 27-июнга 10 күн калганда жеткирилет.

Ал эми өлкө аймагынан сырткары чет өлкөлөрдөгү референдум өткөрүү бекеттеринде бүллетендерди жана референдум комиссияларынын документтерин жеткирүү Тышкы иштер министрлиги түзгөн тартип боюнча жүргүзүлөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG