Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Евробиримдик экономикасын реформалоого умтулууда


Уюмга кирген өлкөлөрдүн каржы министрлери Люксембурдагы бүгүнкү жыйынында айрым мамлекеттер кабылган карыз кризиси кайталанбоосу үчүн экономикага көзөмөлдү күчөтүүнүн жолдорун талкуулашат. Бул боюнча акыркы чечим биримдиктин 17-июнга белгиленген саммитинде жарыяланары күтүлүүдө. Буга чейин Евробиримдик менен Эл аралык валюта кору евроаймакка кирген өлкөлөр кокус каржылык көйгөйгө кабылса, аларга колдоо көргөзүү боюнча көлөмү 750 миллиард евро келген кор түзүүнү макулдашкан. Ал корго эң көп каражат төгүүчү Германиянын өкмөтү кечээ 2014-жылга чейин бюджеттик чыгымдарды жалпысынан 80 миллиард еврого чейин үнөмдөө боюнча чаралардын топтомун жактырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG