Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Орусиянын Жогорку соту кыргыз жаранын өлтүргөн милиционерге чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды


Орус милициясынын мурдагы майору Денис Евсюков былтыр апрелде Москвадагы супермаркеттин ичинде ок аткан кезинде эки адамды өлтүрүп, 22 кишини жарадар кылганы үчүн өмүр боюу түрмөгө кесилген. Москва шаардык сотунун 19-февралдагы мына ушундай өкүмүн бүгүн Орусиянын Жогорку соту күчүндө калтырды. Орус майорунун огунан каза тапкан эки адамдын бирөөсү Кыргызстандын жараны, ок атылган супермаркетте кассир болуп иштеген Эльмира Турдуева болгон. Евсюковдун кылмыш иши Орусияда коомдук резонанс жаратып, Москва шаар милициясынын жетекчилигинин кызматтан чегинүүсүнө алып барган. (UE)

XS
SM
MD
LG