Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Москванын метросундагы кырсыктан кыргыз жараны каза тапкан


Мындай кабарды бүгүн Орусиянын “Росбалт” маалымат агенттиги таратты. Укук коргоо органдарындагы булактар аталган агенттикке кырсык Москванын метросунун “Парк культуры” деген станциясында орун алгандыгын, платформанын четинде поезди күтүп турган жеринен капыстан рельске кулап түшкөн жаш адам тебеленип калганын билдиришкен. Орусиялык агенттиктин кабарында ал 21 жашта экендиги гана көргөзүлүп, аты-жөнү айтылган эмес. "Азаттык" радиосу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен байланышканда бул маалымат такталып жаткандыгын билдиришти. (UE)

XS
SM
MD
LG