Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

АКШ коргоо министри Иранга каршы санкция жакын арада кабыл алынат деп үмүттөнөт


Роберт Гейтс бул тууралуу бүгүн Лондондо британ кесиптеши Лайам Фокс менен бирге өткөргөн маалымат жыйыны учурунда билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:

-Резолюция кабыл алынгандан кийин өлкөлөр канчалык тез аракеттене алар жагын караганда, мен бир нече мүмкүнчүлүктөр бардыгын айттым. Бул резолюциянын көп артыкчылыгынын бири ал жеке өлкөлөр үчүн анын чегинен чыккан кошумча чараларды көрүүсүнө укуктук негиз түзөт.

АКШ коргоо министри кошумчалагандай, эл аралык коомчулукта Ирандын өзөктүк курал жасоосуна жол бербегидей күч-кубат бар. Роберт Гейтстин бул билдирүүсү алдында Орусиянын премьер- министри Владимир Путин Стамбулда Азиядагы карым-катнаш жана ишеним чаралары кеңешмеси уюмунун саммитинде жүргөн жеринен Иранга карата санкциялар боюнча резолюция иш жүзүндө макулдашылып калгандыгын айткан.

Ал эми Иран президенти Махмуд Ахмадинежад, эгер БУУнун Коопсуздук кеңеши жаңы санцияларды жактырса, Иран өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүгө көнбөй тургандыгын билдирген. Бул аралыкта БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө 15 өлкөнүн элчилери Иранга каршы санкциялар боюнча маселени талкуулоого кайрадан киришти. Франциянын БУУдагы элчиси Жерар Аронун билдиргенине караганда, резолюция долбоору шаршемби күнү колго салынып калышы мүмкүн. Эгер кабыл алынса, бул санкциялардын төртүнчү айлампасы болот.

XS
SM
MD
LG