Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

Р. Отунбаева жазуучулар менен маданият маселелерин талкуулады


Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева кечээ Жазуучулар союзунун өкүлдөрү менен жолугушту. Анда жазучулар союздун иш-аракеттери, мүдө-максаты тууралуу маалымат беришти. Конституциялык реформага жана референдумду өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти. Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, ошондой эле өлкөдөгү маданият тармагын өнүктүрүүдө актуалдуу маселелер талкууланды. Жакында эле Жазуучулар союзунда жетекчилик маселесине байланыштуу жаңжал чыккан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG